Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ар бир адамдын ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүгү бар

Ар бир адамдын ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүгү бар

17-июнь, 16:05
150 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Дээрлик адамдар ийгиликтүү боло алышат, эгерде ар күнү дарыя сыяктуу агып келген мүмкүнчүлүктөрдү көрө алса жана аларды пайдалана алса. Ар бир адам ал мүмкүнчүлүктөрдү көрөт, пайдалана алат, эгер адам ошол нерсеге даяр болсо.

     Мүмкүнчүлүктөрдү көрө билүү үчүн даярдыктын болушу зарыл, анткени "ийгилик – бул чоң зарылчылыктын же чоң мотивациянын шартында даярдык менен мүмкүнчүлүктүн жолугушуусу". 

     Ал эми кантип өзүмдү ийгиликке даярдайм десеңиз, анда:

1. Билим. Ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүп жүрүңүз, көп китеп окуңуз, издениңиз, үйрөнүңүз. 

2. Тажрыйба. Тажрыйбаңызды ар дайым байытып жүрүңүз, жаңы жөндөмдөрдү үйрөнүүгө тырышыңыз. Канча көп жумушту аткаруу колуңуздан келсе, ошончолук ийгиликке жакын болосуз. 

3. Акча. Эгер ишкер же болбосо инвестор болуу максатыңыз болсо, андан аз-аздан болсо да акча чогултуп жана акчаны туура бөлүштүрүп иштетүүнү үйрөнө бериңиз. 

4. Тааныштар. Адамдар менен туура мамиле кылууну үйрөнүп, бул багытта да өзүңүздү даярдай жүрүңүз. Анткени, тааныштардын болуусу – келген ар бир мүмкүнчүлүктү көрүүгө жардамы чоң. Адамдар менен туура мамиле кылуу үчүн кулк-мүнөздүн мыкты болуусу өзгөчө мааниге ээ. Андыктан кулк-мүнөзүңүзгө да маани бериңиз. 

5. Өнөр. Жаңы өнөр, жаңы жөндөмдөрдү үйрөнүңүз. Анткени, өнөр, жөндөмдөрүңүз – эч ким сизден тартып ала албай турган, сиздин ийгилик куралдарыңыз болот. Согуш талаасында куралдуу аскер куралсыз аскерге караганда тирүү калуу жана жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү көп болгондой эле өнөрлүү, жөндөмдүү адамдын да ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү көп болот.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер