Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ааламдашуу заманы улуттук нравалык көз карашка балта чабууда”

“Ааламдашуу заманы улуттук нравалык көз карашка балта чабууда”

05-февраль, 09:00
474 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыркы интеллигенциядан жаштар, келечек муунубуз кандай үлгү алат? Жол көрсөтчү аксакалдардын насааттарына суусап турган жокпузбу?


Бакыт Романов, Кыргыз улуттук Манас академиясынын башкы адиси:

-- Азыр бизде коомдо баалуулуктардын түрү көп болуп калды. Интеллегенциянын кайсы бир бөлүгү күнүмдүк жетишкендиктерге басым жасаса, дагы бир бөлүгү жакынкы жана алыскы келечекте ишке ашчу долбоорлорго көңүл бурат. Көп учурда улуу муун жаштардан көп нерсени үйрөнүп жаткан заманды башыбыздан өткөрүүдөбүз. Азыркы жана келечек муун аксакалдардын насаатын угабы, же укпайбы – ал жагы өтө бүдөмүк...


Өмүрбек Асан уулу, санжырачы:

-- Азыркы биздин жаштардын, келечек муундун үлгү ала турган интеллигенция катмары жок эмес, бар. Албетте, союз учурундагыдай болобу! Ал кезде айылдагы эле мугалимдерибизди алалы, колхоздун башкармасы, парторгу дегендерди көрүп, түздөнүп, аларды идеал тутуп, өзгөчө мектептеги мугалим агай-эжейлердей болгубуз келчү. Ал эми аксакалдардын нускалуу кебин тунжурап угуп, насаат сөздөрүнө көкүрөк-көөдөндү сугарганга умтулчубуз. 

Учурда, бүткүл дүйнө ааламдашуу заманына туш келип, “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп аткан кезде жаштарыбыз үлгү ала турган интеллигенция катмарын, насаат ала турган аксакалдарыбызды таппай, карайлап тургандай сезилет. Мүмкүн, мындай нерсе убактылуу көрүнүштүр. “Кайтаар дүйнө” деген бар эмеспи. “Карынын кебин капка салып”, жаштарыбыз ошол эле интеллигенция катмарынан таасирленип, илим-билимдүү, маданияттуу дүйнөнүн башатына кайтып келсе керек деген үмүт жок эмес. 


Дүйшөн Баатырбеков, мугалим:

-- Кээ бир учурда “жаштарга үлгү бере турган интеллигенция катмары жок” деп келишет. Андай эмес, бизде интеллигенция бар. Алар болгону көмүскөдө тургансыйт. Интернет мынча күчүнө кире элек кезде, гезит саткан күркөлөрдө толгон-токой гезит-журналдар батпай турчу. Кайсы гана гезитти же журналды алба, интеллигенция адамдары менен болгон сонун маектер чыкчу. Алар идеология, нарк-насил, жаштарга акыл-насааттарын айтып беришчү. Азыр сиздердин “Азия Ньюс” жана мамлекеттик гезиттер болуп үч-төртөө эле калды. Сиздер ошол көмүскөдөгү интеллигенция катмарындагы адамдар менен улуттук баалуулуктар тууралуу кенен маек алсаңар, алар жаштарга насаат кептерин айтышса, окурмандардын саны арбыйт беле?.. Анткени, интернет айдыңы руханий азыкты бербей калды. Ушак-айың менен эле алек болуп, улуттун нравалык көз карашына тескери таасирин жаратып жаткансыйт. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер