“Эшигиңди падыша үчүн да, кедей үчүн да бирдей ачык карма”


Абу Хафс Кабир Бухари (767-832-жылдар)
Он нерсе аалымдын даражасын арттырат:
Кудайдан коркуу; дайыма бардык адамдарга жакшы кеңеш берүү; боорукерлик жана кайрымдуулук кылуу; кыйынчылыкта чыдамдуу болуу; сабырдуулук; жумшактык; жупунулук; бирөөнүн байлыгына көз артпоо; дайыма китеп окуу;башкаларга тоскоолдук кылбоо; өз эшигин падыша үчүн да, кедейлер үчүн да бирдей ачык кармоо.
Адамдардын он түрү үчүн он нерсе жаман:
Өкүмдарлар үчүн шашмалык; байлар үчүн сараңдык; аалымдар үчүн өзүмчүлдүк; кедейлер үчүн ачкөздүк; белгилүү кишилер үчүн кекирейүүчүлүк; карылар үчүн жаш болууга аракеттенүү; эркектер үчүн аялга, аялдар үчүн эркекке окшош болууга умтулуу; дервиштер үчүн бирөөдөн бирдеке сурап баруу; кулдар үчүн кутургандык.
Адамды кедей кылган нерселер төмөнкүлөр:
Нандын күкүмүн тебелөө; бетин кийиминин этеги менен аарчуу; өз убагында намаз окубоо; эрте уктоо; үйүн шыпырбоо; босогого отуруу; идиш-аяктарын жуубай жатуу; колун жуубай тамак жеген; ыйык Куранды даарат албай окуган; ата-энесин сыйлабай, атынан чакырган; тырмагын тиштөө; кары-картаңдарга жол бербөө.
Ыймандуу адам он эки нерсени аткарууга милдеттүү:
Ааламдар менен маектешүү; жаман адамдардан оолак болуу; чаңкаган кишилерге суу берүү; оорулуулардын алын суроо; жетимдердин башынан сылоо; чатакташкандарды элдештирүү; дервиштерге кайрымдуулук кылуу; маркумдардын денесин жууганга катышуу; жолдо жаткан ташты четке алып коюу; мусулмандын кемчилигин жашыруу; Каабаны зыярат кылуу; үй-бүлө мүчөлөрүнө билим берүү.
Бирөөнү жамандаган – Рамазан айында орозо кармабагандан да өткөн күнөө. Факихти (ислам аалымын) ушактап, жалган жалаа жапкан кишинин маңдайында кыямат күнү “бул адам Алланын ырайымынан куржалак калды” деген жазуу болот.
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











