Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көралбастын үйүндө эч качан майрам болбойт

Көралбастын үйүндө эч качан майрам болбойт

14-январь, 20:47
1 099 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көралбастык – бул жандүйнөдөгү жара.

(Сократ) 


Көралбастын үйүндө эч качан майрам болбойт.

(Френсис Бекон)


Эсиңерде болсун: алсыздарды баары эле аяшат. Ал эми көралбастыкка болсо эмгек керек.

(Арнольд Шварценеггер)


Сени бирөөлөр аягандан көрө, көралбаганы жакшы.

(Геродот)


Көралбастык – өзүнүн жеңилгендигин моюнга алгандык.

(Александр Скрябин)


Адамда көралбастык канчалык күчтүү болсо, анын тили да ошончолук уу болот.

(Джулиана Вильсон)


Ийгилик көралбастыкты пайда кылат.

(Майкл Джексон)


Өзүңөрдөгү көралбастык сезимиңерди жок кылганга аракет жасагыла. Анткени, от жыгачты өрттөп жок кылган сыяктуу көралбастык да жакшы иштериңердин баарын жок кылып салат.

(Мухаммед пайгамбар)


Эгер кимдир бирөө сенин бейишиңди көрүп, көралбастыктан өлүп калган болсо, бул анын жашоосун тозокко айланткандыкка жатабы?

(Джулиана Вильсон)


Ичтардык кыйнайт, өзү да кыйналат.

(Публий Овидий Назон)


Ар кандай атак коркунучтуу: жакшы атак ичтардыкты пайда кылса, жаман атак шерменде кылат.

(Томас Фуллер)


Өзүңдөгү жаман сапаттардын арасынан эң биринчи кезекте көралбасыкты жоюш керек.

(Денни Де Вито)


Суктана алган киши көралбастыктан сырт.

(Петр Квятковский)


Адамды үч нерсе жок кылат. Коркуу – аң-сезимди, ичтардык – жүрөктү, күдүктөнүү – жандүйнөнү жок кылат.

(Виктория Угрюмова) 


Мен кызганууну жек көрөм, себеби, ал ичтардыкка окшош.

(Николай Платонович Огарёв)


Ичтардык өлбөс.

(Леонид Семёнович Сухоруков)


Жарыктын артынан көлөкө ээрчип жүргөн сыяктуу, ийгиликтин артынан да ичтардык ээрчип жүрөт.

(Лидия Николаевна Сейфуллина)


Досторуңдун мактаганынан шек санасаң болот, бирок душмандарыңдын ичтардыгынан шек санабай эле кой.

(Карл Лебрехт Иммерманн)


Бакыттын рецеби эң эле жөнөкөй: жакшылык кылгандарга ыраазы боло бил, өзүңдү бирөөлөргө ичтардык кылып кыйнаба.

(Наталья Владимировна Бурмакина)


Көралбастык – кошоматчылыктын чын жүрөктөн чыккан түрү.

(Джон Чэртон Коллинз)


“Келесоолор жолдуу болушат” деп коюшат. Бирок, нагыз келесоолор эмес, биз келесоо катары эсептеген кишилер жолдуу болушат.

(Мухтар Гусенгаджиев)


Ичи тар кишилер бир күнү өлөт, бирок ичтардык эч качан өлбөйт.

(Мольер Жан Батист Поклен) 


Көралбастыктын көз карашы кыңыр, күлкүсү кыйшык.

(Принц Александр)


Сынчы – бул ичтардыгынан улам жазуучу боло албай калган киши.

(Джулиана Вильсон)


Ичи тар адамдан чындык күтпөй эле коюш керек.

(Петр Квятковский)


Көралбастык – өксүк комплексинин өзгөчө белгиси.

(Петр Квятковский)


Жек көрүү жаралантат, ичтардык майып кылат, кайдыгерлик өлтүрөт.

(Геннадий Москвин)


Башкалардын байлыгына көз артпоо – мына ушул чыныгы байлык.

(Али ибн Абу Талиб)


Эгер Нарцисстин ичи тар болгондо өзүнө өзү ичи тарып өлүп калмак.

(Принц Александр)


Эгер сен ити чөп жеген кишилердин жандүйнөсүндө эмне болуп жатканын билгениңде, аларга көз артпайт болчусуң.

(Михаил Литвак)


Барга шүгүр кылыш керек. Башкаларга көз арткан киши эч качан бактылуу боло албайт.

(Луций Анней Сенака)


Биз канчалык өйдө көтөрүлгөн сайын уча албагандардын көзүнө ошончолук кичине болуп көрүнөбүз.

(Фридрих Вильгельм Ницше)


Сенин артыңан сүйлөгөндөр дайыма сенин артыңда болушкан, ошол бойдон калышат.

(Филипп Киркоров)


Алсыз душманың – эң жакын досуң; ичи тар досуң – эң айыгышкан душманың.

(Петр Яковлевич Чаадаев)


Мамат Сабыров
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер