“Ажырашалы” дедим. Жолдошум таңгала карап калды...


Өз башымдан өткөн окуяны жазууну чечтим. Балким мага окшогон акыбалда калган келиндерге сабак болоор.
Мен жолдошумдун токтоо мүнөзүн жактырып турмушка чыккам. Турмушубуз жылдан-жылга супсак тартып баратты. Алгачкы жаккан мүнөзү азыр кыжырымды келтире баштады, жашообузда романтика жок, анын жоктугу ортобузда сүйүү жоголгонун көрсөттү. Беш жыл бирге жашаппыз, мындан ары чыдабашымды сезип, бир күнү жолдошума “ажырашалы” дедим. Ал абдан таңгала карап койду. Көпкө унчукпай ойлуу отурду. Жиним ушунча келди, токтоолук бул жерде да өзүн көрсөттү. Башка бирөө эмдигиче 10 суроо бермек же кыйкырып урушмак...
-- Мен сенин чечимиңди өзгөртө аламбы?
-- Өзгөртө аласың, сага бир суроо берем, берген жообуң баарын чечет. Эгерде жардын эң чокусунда бир гүл өсүп турса, ошол гүлдү үзүп беришиң керек, бирок ал гүлдү үзсөң жардан учуп өлөсүң, чыгат белең?..
-- Мен сага жообумду эртең айтам, - деди жолдошум.
Бул жообу акыркы үмүтүмдү өчүрдү...
Эртең менен турсам жолдошум үйдө жок экен. Босогодо сүт куюлчу бөтөлкө бош туруптур, жакындасам астында бастырылган барак бар экен, аны алып ачып окудум: “Сүйүктүүм, мен өлөрүмдү билип туруп, гүлдү үзүү үчүн жарга чыкмак эмесмин. Себеби мага буттарым керек, сенин алдыңда үйгө келип калыш үчүн чуркамакка, сен үйгө келгенде эшикти ачуу үчүн (үйдүн ачкычын алууну дайыма унутасың). Мага көздөрүм керек, жаныңда отуруп машина айдаганыңда жолду көрсөтүп берүү үчүн, машина айдаганды жакшы көрөсүң, бирок дайым жолдордон адашасың. Мага колдорум керек, сен капа болгондо кучактап сооротуу үчүн, эгер сени менден артык башка бирөө сүйсө, мен ошол гүлдү үзөм сен үчүн, жаным!”.
Жолдошум муну жазып жатып ыйлаганы билинип турду, ручканын сыясы орду-орду менен булганыптыр. Окуп жатып менин көз жашым тамып жатты. Ошондо мени күйөөмдөн артык эч ким сүйө албасын түшүндүм. “Эгер сага менин жообум жакса, анда эшикти ач, мен дүкөнгө барып келдим. Сен жакшы көргөн кунжут кошулган нан менен сүт сатып алып, сени күтүп турам”. Мен жүгүрүп барып эшикти ачып, күйөөмдү кучактап көпкө турдум...
Эгерде жылдар өтүп, сиз да “ортодо сүйүү өчтү” деп ойлосоңуз, бул туура эмес. Жашоонун маңызы жолдошуңуз берип турчу гүлдө же башка белектерде эмес. Анын сүйүүсүн сизди сыйлаганынан, кам көрүүсүнөн, жасаган мамилесинен билсеңиз болот. Жылдар өткөнү менен алгачкы курулган сүйүү фундаментиңиздер ордунда калат...
Элина
"Азия Ньюс" гезити











