Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апам каза болуп, атам ичип кетти. Беш бир тууганымды бага албай кыйналып отурам

Апам каза болуп, атам ичип кетти. Беш бир тууганымды бага албай кыйналып отурам

09-апрель, 21:27
2 418 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин атым Айжамал. Турмуштамын, кайнене-кайната менен турам. Өзүмдүн апам каза болуп калган. Апамдан айрылганыбызга үч жылдан өтүп баратат. Үйдө мен улуусумун, менден кийин беш бир тууганым бар. Төрт бир тууганым мектеп жашында, бирөө эми окуйт. Атам бар, шүгүр, бирок ичкиликке берилип, аракеч болуп баратат. Апамдан кийин эки жолу үйлөндү, бирок алар да чыдабай 1-2 ай жашагандан кийин кете беришти. Мени ойлондурган бир туугандарым. Ачка отурушат, колуман эч нерсе келбей атат чынында. Ушуга чейин үйдөн жакшы эле ташындым, акыры кайнежемден катуу сөз уктум. Ата-энемдин үйүндө бир күнү ун болсо, бир күнү чай жок, кээде нан болсо, көпчүлүк учурда май жок дегендей. Ойлоно берип кыйналып кеттим. Апам болсо мындай жашоо болбойт эле. Атам жакшы адам, бирок көчөдөгү адамдарга кошулуп ичип жүрөт, “кой” дегенге көнбөйт. Пособие алышат, бирок ал кредитке кетет. Атам жакшы ой менен кредит алып, анысы ишке ашпай калган. Менден кийинки сиңдим 10-класста, түйшүктүн баары ошонун мойнунда. Ал күндө жүрөктү оорутуп чалат... Ушундай азап менен жашоом улана береби? Кандай кадамга барсам болот?


Айжамал 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер