Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилек Тюкебаев майда иштерин пиар кылып, кумарга батып калгандай...

Тилек Тюкебаев майда иштерин пиар кылып, кумарга батып калгандай...

06-октябрь, 20:09
527 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Свердлов РИИБ начальниги Тилек Тюкебаевди эстегенде эле апасындай Азиза Абдирасуловага ыдык көрсөтүп, Ала-Тоо аянтынан сүйрөгөнү көзгө элестейт. Кандай зөөкүрлүк, зулумдук э? Мына ушундай кадр бакыйган районду башкарып, бирок ынанымдуу иши менен көрүнбөй, жеңил пиарга алдырып жибергени таңгалдырууда. Инстаграмга майда-барат иштерин чагылдырып, лайк бастырып, ушул жагынан кумар алып жаткандай. Андан көрө коомдук-коопсуздук абалды чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү машакатында алектенбейби? Кызык эле. ИИМ тарабынан иши ортозаар катары бааланып келгенин кайда жашырабыз? Буга чейин кызматкерлери пара менен кармалып келишсе, мындан ары ушул өксүктү болтурбоо жагынан алпурушса кана?! Айтор, ИИМ орун басары Октябрь Урмамбетовдун “жетегинде” чоңоюп, жердешчиликтин желаргысында сакталып келаткан кадр беле? Эски кылмыш иштерин эстебей койсок эле унутулуп калабы? Кыскасы, суроолор көп. Жооптуу кызматта кантип отурат? Моралдык жагын караш керек го...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер