Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй ичинде коркунучтуу караңгылык менен жалгыздык... Сүйгөнүн жоготуп алды

Үй ичинде коркунучтуу караңгылык менен жалгыздык... Сүйгөнүн жоготуп алды

03-октябрь, 23:30
2 594 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күзгү түн шаарга акырын түшүп, ээн көчөлөрдү капалуу караңгылык менен курчады. Ал балконго чыгып, бүтүндөй көкүрөгү менен октябрдын абасынын тазалыгы менен дем алып, андан кийин асманды карады, ачык жылдыздар боз булуттарга жашынып, улам бири жоголуп жатты ...

Үй бопбош. Аңгырайт. Кечээ бул жерде жашоо кызуу жүрүп жаткан, максаттар, жашоонун маңызы бар эле. Бирок, бул кечээ эле... Эми бул өткөндүн бир бөлүгү. Чындык, бүгүнкү реалдуулук – бул анын бүт акыл-эс денесине сиңген...

Үй ичинде коркунучтуу караңгылык менен жалгыздык...

Ал акырын тепкичтер менен бөлмөлөрдү көздөй жөнөдү. Айлана-тегеректин баардыгы өлүк, буга чейин мындай жымжырттык эч качан болгон эмес. Ал отургучка чөгүп, столдун үстүнө этиятсыздык менен чачырап кеткен лекциялык китептерге, окуу китептерине үңүлдү.

Баары көз алдынан өтүп жатты. Өткөн күндөр көңүлсүз, кызыксыз мелодрама сыяктуу. Ачык, тунук кристаллдай болгон жаштар агып, бозомук жактан ылдый тоголонуп кетти...

Анын колдору отургучка сүйөнүп, көздөрү акырын жумулуп, адегенде бүт денеси кандайдыр бир алсыздыкка кабылды. Тамыры акырындык менен согуп, жүрөгү токтоп калгандай сезилди. Чочуп кетти. Кайрадан сыртка чыкты. 

Дал ушинтип кайрадан кечирим суроого камданып, эң жакын адамына бараткандагы карыяны, турмуштун оорчулугун, адамдар ортосундагы мамилени айтып барган таксист карыя адамды эстеди. 

Бүгүн андай адам да жоктой. Баары жымжырт...

Мына ашыгып баратып, эң жакын адамынын балконунун тушуна жетти. Жарык жок. Эчак өчүп калгандай. Эшик кулпулуу.

Күнөөсүн эми сезди. Сүйгөнүн жоготконун билди... Ал эчак алыскы өлкөгө учуп кеткен.

Бут алдындагы шуудураган жалбырактар алсыз желге кайдадыр учуп жатты. 

“Мен сени кеч түшүндүм, кечир мени...” деп акыркы сөзүн күбүрөгөн мырза эми жол издеп баратты.


Бектур 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер