Акыркы кабарлар
» Саясат » Кожошев Кытайдан ташылган жүктүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү
Кожошев Кытайдан ташылган жүктүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүү өткөрдү
07-декабрь, 17:05


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Лю Суше менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, эки тарап "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү бекеттери аркылуу жүк ташуунун көлөмүн жогорулатууну сүйлөшкөн.
"Эки элдин бакубаттуулугу үчүн өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатуу боюнча оптималдуу чечимди табуу иретинде өз ара саясый эрктин көрсөтүлүшүнө ишенебиз" деген Арзыбек Кожошев.
ШУАР элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Лю Суше Кытай тарап эки өлкө ортосундагы соода балансын жакшыртууга, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелерди кароого даярдыгын билдирген.










