Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакын курбум күйөөмдү тартып алганын кеч билдим. Өч алам...

Жакын курбум күйөөмдү тартып алганын кеч билдим. Өч алам...

24-июнь, 01:29
1 852 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз 5 жыл бир группада окуп, өтө ынак курбу кыздардан болчубуз. Албинага абдан ишенет элем. Баардык сырларымды айтып, эч нерсе жашырчу да эмесмин. Тилекке каршы, ал аягында менин тагдырымды талкалап кетти...

Университетти бүткөн жылы турмушка чыгып, жашообуз жакшы эле башталган. Көп өтпөй боюмда болуп, кыз төрөдүм. Биздин үйдөгү жакшылыктар курбум жок өтчү эмес. Күйөөм Марлис ага жакшы мамиле кылчу. Сыйлап. Кээде Албинаны үйүнө жеткизип келүү үчүн кетип, кеч келгенинен жаман ойлобоптурмун. Көрсө, баары ошондон башталыптыр...

Акыркы айларда Албина менден алыстап, ар кандай шылтоолор менен кача баштаганын байкадым. Телефон номерин да өзгөртүп алды. Күйөөмдүн да мүнөзү өзгөрүп, үйгө кеч келип, кээде келбей калчу болду. Кызгануу сезимдерим күчөдү. Бир күнү күйөөм душка кирип кетип, телефону улам-улам шыңгырап атты. Бир маалда СМС келди. Белгисиз номерден: “Менин ичим чоңоюп атат, качан ачыкка чыгасың? Сөзүңө турбайсыңбы?” деп жазыптыр. Мен ал номерге дароо чалдым, курбум Албина экен. Ага ушунчалык кыйкырып, урушуп жатып калчылдап чыктым. Аңгыча күйөөм келе калып, телефонду колуман жулуп алды. Чырлаштык. Аягында баарын айтып берди. Албина менен эрди-катын болуп жашап жүрүптүр. Мени менен ажырашууга да даяр экенин жашырбады. Үйдүн эшигин “тарс” жаап, чыгып кетти. 

Көпкө чейин ыйладым. Ойго батуудамын. Үйдө кызым менен жалгыз калдым. Күйөөм кийимдерин, оокаттарын алып кетсе керек. Бир идеям бар. Мен эми күйөөмдөн жана Албинадан өч алам. Ийгилигимди көрсөтүүгө мезгил келди. Аялы каза болуп калган, кырктан ашкан байкенин көңүлүн “сындырып”, маани бербей жүргөнүмдү ойлодум. Чоң ишкананын жетекчиси, жакшы адам. Анын жылуу мамилеси муздай электе... Мен да бактымды табышым керек экен...

Айзат Э.

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер