Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Биринчи күйөөмдүн талагын албай турмушка чыктым...

Биринчи күйөөмдүн талагын албай турмушка чыктым...

20-июнь, 22:38
883 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен жокчулукта чоңойгон кызмын. Бала кезде эмнени гана көрбөдү дейсиз. Атам кичинемде каза болуп калган. Беш бир тууганбыз, апам байкуш бизди багыш үчүн эмне деген жумуштарда иштебеди. Ошондо да жокчулук жаныбызга батып, кемсинип жашадык. Ошентип, мен 17 жашымда турмуштун айынан өзүмдөн бир топ жаш улуу эле кишиге турмушка чыктым. Ал кишинин экинчи аялы болуп тийдим. Мунун баары жокчулуктун айынан эле. Бирок ал киши убада бергениндей эч нерсе кылып бербеди. Алты жыл чогуу жашадык. Коркуп, капастагыдай эле күн кечирдим. Кийин өзүм эч кимге айтпай, Россияга качып келдим. Азыр өзүм жактырган адамга турмушка чыккам. Бир балам бар. Турмушум жакшы, экинчи күйөөмө баарын айтып, анан кол кармаштым. Эми кантип айылга барам? Ошол нерсе мени ойлондурат. Дагы деле барыштан корком. Беш жылдан бери айылга бара элекмин. Биринчи күйөөмдүн дагы талагын албай турмушка чыктым. Бирок ал киши менен никеден өткөндө эч ким бизге күбө болгон эмес. Молдо, ошол киши, анан мен эле болгонубуз эсимде. Мындан кийинки жашоом кандай болот? Экинчи күйөөм менен никеге тургам, бирок өткөн күндөр менен чечишип алуу мойнумда жүрөт...


Зина 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер