Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Мамытканов: “Биз жылына 200 миллион долларга башка мамлекеттен канаттуулар этин сатып алабыз”

Бакыт Мамытканов: “Биз жылына 200 миллион долларга башка мамлекеттен канаттуулар этин сатып алабыз”

29-ноябрь, 09:00
488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев канаттуулардын этинин 60%дан ашыгы импорттолуп келерин маалымдады. Сырттан албай өзүбүздө өнүктүрүүгө кандай тоскоолдуктар бар?

-- Биринчи кезекте фонддор канаттуулар этин өстүрүүнү колдоп, жеңил пайыз менен насыяларды берүүсү шарт. Бүгүн пайдасы болбосо да эртең пайда болушу үчүн тоок багам дегендерди колдош керек. Кредиттин төлөм учурун дагы узагыраак созуу зарыл. Биздин банктар бүгүн пайда табуу үчүн пайызды аябай коюп салышат. 

Канаттуулар фабрикасынын ишин алып кетүү өтө оор. Айыл чарба министрлиги жок дегенде банктарга канаттуулар фабрикасынын ишин илгерилетүүгө жардам зарыл экенин сунуштап айтса болот. 

Бизде кичи ишкерлерге уттуруп жиберчүдөй эле кененирээк каржылоо жокко эсе. Утулса да, кандай шарттарда болсо дагы стартаптарды колдоо керек. Мисалы, биз жылына 60 миң тонна канаттуулар этин 200 миллион долларга башка мамлекеттен сатып алабыз. Өзүбүздө болсо 600-700 миң тонна тоют өстүрүлүп жатат. Менин оюмча, учурда жаңы баштап жаткан стартаптарга айыл чарба министрлиги сунуштап, банктарга кайрылып, жардам, колдоо көрсөтүүсү зарыл.

Өзүбүздө тажрыйба жок болсо, башка өнүккөн өлкөлөрдүн басып өткөн жолдорун карасак болот. Мисалы, Британияда 215 миллион тоок багылат. Британиянын жери Кыргызстандан кичинекей. Бизде болсо болгону 4,5 миллион тоогубуз бар. Балыкчыдагы бир эле канаттуулар фабрикасын карап отурабыз. Анын потенциалы деле быйылкы жылга жети миң тоннадан ашпайт. Ал көлөмүн аябай жакшы көбөйткөндө гана 20 миң тоннага жетет. Бизге ошондой канаттуулар фабрикасынан ар бир облуска жок дегенде экиден керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер