Кайрат Итибаев: “Бюджетте акча жок болсо, эгемендүүлүгүбүздү кантип коргойбуз?
-- Баткен окуясынан кийин өлкөнүн бюджети да эңшерилди. Кантип тез арада жылыштар болот?
-- Согуштун кесепети ар бир өлкөдө кыйынчылыктарга тушуктурат. Бүт адамдын жашоо аракетин солгундоого учуратат. Ошол эле экономикада, социалдык жашоодо десек болот. Ошон үчүн “жакшы согуштан көрө начар тынчтык түзүк” деп айтылат. Кандай болбосун тынчтыкта жашаганыбыз жакшы. Ушундай чыңалуулар болгондо, албетте, капиталдын чыгышына, ишкерлердин кетишине алып келет. “Акча тынчтыкты сүйөт” дегендей кеп. Ынтымак болбосо куттун кетишине, ырыскынын чачылышына себепкер эмеспи.
Тажикстандын агрессиясы бул жолкуда абдан катуу болду. 140 миң адам үйлөрүн, малдарын таштап кетүүгө аргасыз болушту. 62 адам кайтыш болду. Тилекке каршы, мунун баары терс кедергисин тийгизет. Өлкөбүздүн экономикасына жаман из түшүп калды.
30 жылдан бери дартыбыз айыкпай, коррупция күчөп келатат. Айрыкча сот системасында, күч түзүмдөрүнүн арасында, бажы, салык инспекциясында бул абал оор. Коррупцияны жеңе турган экономикалык механизмдер бар. Эң түзүгү, адистерге жакшы шарт түзүп, экономикалык абалдарын жакшыртуу. Жакшы маяна төлөө үчүн бюджеттин жакшы өнүгүүсү абзел.
Салык төлөөчүлөр болушу керек. Тилекке каршы, ККМ апараттарынан, фискалдаштыруудан ишкерлер качып жатат. Бюджетте акча жок болсо, эгемендүүлүгүбүздү кантип коргойбуз? Азыркы күндө кыргыз мамлекетинин курулушун дагы ушул иштен башташыбыз керек эле. Согуш болгондо эле чуркабай, системдүү иш алып барсак түзүк болмок. Ошондуктан эми да болсо салык системасын жолго салып, билим берүү, куралдуу күчтөр ж.б. тармактарды өнүктүрсөк болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити