Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдон кийинки таасирдүү фигурага айланууда

Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдон кийинки таасирдүү фигурага айланууда

21-май, 10:00
808 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаров жаңы шайланганда элита чөйрөсү ар түрдүүчө жоромол кылышкан. Көпчүлүгү “бул “куурчак” эле, эч нерсе чечпейт, тескери иштесе камалат, ашып кетсе жарым жыл отурат” деген сыяктуу божомолдорду божурашкан. Бирок, натыйжада андай эмес экенин турмуш көрсөтүүдө. Учурда Акылбек Үсөнбекович президент Садыр Жапаровго эң көп идея берген, сөзү өтүмдүү башбаканга айланды. Кадр саясатын, каржылык, чарбалык, өндүрүштүк иштерди өз алдынча чечкен, кыраакы жүзүн көрсөтүүдө. Мындайча айтканда, президенттен кийинки эң күчтүү саясый фигура катары калыптанып баратат. Орто жерден өкмөт башчылыкка чуркагандардын да тизгини кагылып калыптыр. Интрига басаңдай түштү. Эгерде Акылбек Жапаров күзгө чейин ушундай темпте кете берсе, анда таасири мындан да артып, күч органдарын да каалагандай башкарууга мүмкүнчүлүк алат. Дароо эле аска-чокуга чыга албаган сыңарындай, ага карата акырындык менен эмгектениш керек. Бул өңүтүн ушундай карасак жарашчудай. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер