Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда жол кырсыгынан 529 адам каза болду
Кыргызстанда жол кырсыгынан 529 адам каза болду
29-октябрь, 08:47
629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Быйыл Кыргызстандын жолдоруна видео көзөмөл коюу менен жол кырсыктарын азайтуу маселеси каралган эле.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, үстүбуздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстан боюнча 4694 жол кырсыгы катталып, былтыркыга салыштырмалуу 12,3 пайызга көп болгон. Быйыл жол кырсыгынан 529 адам каза болуп, былтыркыга салыштырмалуу 9,2 пайызга жогорулады. Өткөн жылы 484 адам көз жумган. Ал эми жаракат алгандар 6353төн, 7265ке көбөйүп, 14.3 пайызга жогорулады.
Жол кырсыгынын көбөйүшү Кыргызстанда автоунаалардын көптүгү экенин белгилешти. 2010-жылдан тарта өлкөдө машинанын саны үч эсеге көбөйүп, 1миллион 348 миң унаага жеткен.
Ал эми Кыргызстанда жолдор мынча унаага ылайыкташтырылган эмес.
Aryba.kg