Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Видео) ОПГны ким аныктай турганын билбеген Разаковдун кесепети...

(Видео) ОПГны ким аныктай турганын билбеген Разаковдун кесепети...

10-декабрь, 09:08
1 122 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурун Жогорку Кеңештен депутат Төрөбай Зулпукаров: “Жеңиш Парпиевич, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн ким аныктайт?” деп суроо берген. Разаков болсо жеткен сабатсыздыгын көрсөтүп, кайпактап, так кесе жооп бере албай уят болгон. Баарыбыз күбө болгондой, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге түртө салып, тилекке каршы, анысы да айландырып, будамайлап, суроого кескин түрдө жооп кайтара албаганы кандай? Таңгаласың, элементардуу соболго какап атышат, анан кайдагы реформаны оозанасыңар? Мына ушундай пенделер күч органдарын башкарып отурганда, ОПГ Бишкек шаарынын чок ортосунан атышып, капсалаңдуу күндү көргөзүп койду. Вице-премьер Жеңиш Разаков менен министр Кашкар Жунушалиев кабинеттеринде көгөрүп отура беришпей, эркекче эле кызматтарынан кетип калышпайбы? “Уялбагандан өзүң уял”, “Эшегине жараша тушагы” дегендей, көөнө элибиздин сөз кудурети да таасир этпей калдыбы?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер