Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр: “ТЭЦте жылуулук берүү иштери түнгө чейин калыбына келет”

Министр: “ТЭЦте жылуулук берүү иштери түнгө чейин калыбына келет”

25-январь, 17:12
678 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын 60 пайызына электр жарыгы берилди. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди. Ал өлкөнүн түштүк аймагы электр жарыгы менен толук камсыз болгонун белгиледи.

"Электр энергиясы акырындык менен бардык жакка берилип жатат. Азыр өлкөнүн 60 пайызы камсыз болду. Учурда энергетиктер тыным албай иштеп жатышат. Кечке чейин өлкөнүн бардык аймагында жарык күйүп калат" деди министр. Мындан тышкары, ал ТЭЦте жылуулук берүү иштери түнгө чейин калыбына келип каларын кошумчалады.

Бүгүн саат 12:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчкөн. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактары электр кубатысыз калганы айтылды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер