Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Human Appeal International кайрымдуулук уюму курган бала-бакча жана окуу борборунун ачылышы болду

Human Appeal International кайрымдуулук уюму курган бала-бакча жана окуу борборунун ачылышы болду

15-ноябрь, 19:29
1 739 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында заманбап ыкмада салынган окуу борбору жана бала бакчанын ачылышы болду.

Бул ишчарага ЖК депутаттары, райондук администрация башчысы, айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана бул бала бакчаны, окуу борборун курган Human Appeal International кайрымдуулук фондунун Дубайдан келген өкүлчүлүктөрү катышты.

Айылда буга чейин бир да бала-бакча, мындай окуу борбору болбогонун айтышты, айылдын жашоочулары. Өткөн, 2018-жылы окуу борбору менен бала бакчанын курулушу башталган. Жергиликтүү жаш үй-булөлөр бала-бакчанын жоктугунан бөбөктөрдү кайда алып барарын билбей, көпчүлүгү жумушсуз үйдө отурушчу. Эми балдарын бакчага берип, иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлгөндөрүн айтышты жаш үй-булө өкүлдөрү.


Бул демилгени жергиликтүү элдин өтүнүчү менен Human Appeal International кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы аткаруучу директору Али Аюубов ишке ашырганына ыраазы болушту.

Human Appeal International кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Али Аюубов жана уюмдун аткаруучу директору Халид Абдувахаб Аль Худжа,  башкы демөөрчү Абдурахман Салих Аль Салих келип, жаңы курулган окуу борбору менен бала-бакчанын ачылыш аземине катышты.

Иш чаранын ачылуу аземинде жергиликтүү эл, карыялар сүйлөп ыраазычылык билдирип, эми айылдагы мектептин эски экени жана ага окуучулардын батпай жаткандыгын айтып буга да жардам көрсөтүүнү өтүнүштү.

Эскерте кетсек, Human Appeal International кайрымдуулук уюму Кыргызстанда 15 жылдан бери иш алып барат.  Өлкөбүздөгү бир нече социалдык объекттилерди курууга көмөктөшүп, мектеп, бала бакча, оорукана куруп, жетим балдарга ай сайын жөлөк пул төлөп келишет. 

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер