Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Маткасымов “Манас” аэропорттунда “май талкан” кызматта, эми Манас Арабаев келеби?

Маткасымов “Манас” аэропорттунда “май талкан” кызматта, эми Манас Арабаев келеби?

04-январь, 17:44
2 276 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы бийликтин тушунда президенттик аппаратта Манас Арабаев соттордун куратору болуп, мыйзамсыз, адилетсиз чечимдерди чыгартып келгени ЖМКларга арбын жазылган. Айткандай эле Арабаев көпкө узабай камалып, “тергөө менен кызматташты” деген шылтоо менен бошоп кеткен.  

“Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди билейин” демекчи, Манас Арабаевдин жан шериги Алмаз Маткасымов эсиңерден чыга элек болсо керек. Бул эргул да сотторго, күч органдарына “жең ичинен” буйрук берип, күнөөсүз саясатчыларды, бизнесмендерди, патриотторду каматууда катуу шугулданган. Адам тагдырын сындыруу ушулардын колунан өтпөдү беле? Андагы аппараттын акылга сыйбаган иштерин аткарууда судьялардын кабинеттерине чейин кирип барып, чечимдерди каалагандай чыгартып жүргөнү коомдук пикирди жараткан. Алмаз Маткасымовдун мындай “айбанчылык кылыктары” Жогорку Кеңештен да айтылып, ал акыры ИИМдеги 7-башкармалыкта иштеп жаткан жеринен кызматтан айдалган. 

Тагдырдын тамашасына таңгалбай деле калдык! Дал ушул Алмаз Маткасымов учурда “Манас” аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын орун басары болуп иштеп атат. Мына, кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган адам кайда отурат? Кечээги катачылыктан сабак албайбызбы? Анча болду Манас Арабаевди да аэропорттун президенти кылып дайындап коюшпайбы?..

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер