Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » (Видео) Акүйдүн алдынан соодагерлер менен милиция жаңжалдашты

(Видео) Акүйдүн алдынан соодагерлер менен милиция жаңжалдашты

01-сентябрь, 13:43
751 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте “Караван” соода борборунун ижарачыларынын митинги өттү. 100дөн ашуун адам соода борборун электрондук соодадан чыгаруу талабы менен келишти. Буга чейин, Маммүлктү башкаруу фонду турак жай үчүн ижара акысын такай алып турса дагы, ижарачыларды жумуш ордунан кетирүүнү көздөп жатат (!) деп нааразычылыктарын билдирип чыгышкан.

Митинг учурунда чогулгандар менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Митингчилердин арасында Түркиянын жараны дагы болгон. Андан милиция документтерин көрсөтүүсүн суранганда баш тарткан.

Такталгандай, чет элдик жаран “Каравандагы” дүкөндүн ижарачысы – жубайын колдоо үчүн келген экен. Аны милиция бөлүмүнө алып кетүүгө аракет кылышканда, митингчилер ортого түшүп, ага уруксат беришкен жок.


“Элдик медиа”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер