Акыркы кабарлар
» Видео-Фото » (Видео) Ырчы Асел Кадырбекованын башы жарылып, моюну жана акыреги сынган
(Видео) Ырчы Асел Кадырбекованын башы жарылып, моюну жана акыреги сынган
27-июнь, 12:28

Бишкектин Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Тайота Камри” менен ГБРдин машинасы катуу кагышкан. Кырсык 26-июнь күнү 15.47де болгону, үч жаран оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалган эле.
“Тайота Камри” унаасынан ырчы Асел Кадырбекова оор жаракат алып, Бишкектин травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган. Дарыгер Алмазбек Кубатбековдун билдиргенине караганда, Асел Кадырбекова жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын баш мээси ачык жаракат алып, моюну жана акыреги сынган. Абалы өтө оор. Комага түшүп калганы айтылууда.
Ал эми ГБРдин машинасындагы эки жарандын да ахвалдары оор. Азырынча кырсыкка кайсы тарабы күнөөлүү экенин жол көзөмөлдөө кызматы жарыялай элек. Создуктуруп жатканында бир мандем жокпу?..
Aryba.kg











