Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Спорт чалыш, билими жок. Ушундайлар бийликти кулатабы?

Спорт чалыш, билими жок. Ушундайлар бийликти кулатабы?

18-март, 12:07
2 137 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы кездерде жалаң “Чокчолой баатырлар” көбөйдү. Аты-жыты жок, бир эле белгисиз балдар чыга калып, “ачуу чындык” айтымыш болуп эле жалаң кыйкырык, кадимки демагогия менен эле элдин башын айлантып, өздөрүн тим эле кыргыздын жалгыз үмүтү катары элестетип алышкан. “Бул балдар каяктан чыгышкан? Кандай окуу жайда окушкан? Тажрыйбасы барбы-жокпу?” деп сурап, таанышканга деле эч кимдин убактысы жок. Ошончо эле кыйын болушса, жалаң кыйкырык менен эмес, кичине башка жагынан деле белгилүү болушат эле да. “Атың чыкпаса, жер өрттө” деген шылуундарга элибиз мурдатан эле туура баа койгон. Бул жаш чечектер биздин кайталанып келаткан революциялардын доорунда чоңоюп, бой жетишип, башка жашоону билбей деле калышкандай. 

Өзгөчө акыркы октябрь окуялары буларга катуу таасир калтыргандай. Терең билими, түшүнүгү жоктугунан, булардын баамдоосунда, “жөн эле” бир ызы-чуу чыгарып, түрмөдөн такка көтөрүлүп, “кухнядан” эле генералдыкка жетүүгө мүмкүн экенин көрүп... 

Эми ушулардын акыркы бир мисалы Тилек Кудайберген уулу (Тилекмат Куренов) десек болот. Билими жок жигит. Бирок чоң министр, депутат жана бай болом деген ой-кыялы бар. Болсун! Жаштын тилегин берет дейт эмеспи. Бирок мунун оюнда, ошол бийликти күч менен басып алып (Садыр Жапаров бул жакта калсын)өзүн Бакиев менен Атамбаевден өйдө элестетип алган. “Алар бийликти басып ала алышса, мен алардан кем бекем?” деп айтканын уккандар бар го... Тилек өзү 1987-жылы туулган кочкорлук жигит экен. Жаш кезинен спорт чалыш болуп, жакшы деле билим албаптыр. Дордойдо” сакчы болуп иштеп жүрүптүр көп жыл бою. Салымбековдордун бирөөсүнүн жеке жан-жөөкөрү болчу деп да айтышат. Урунарга тоо табалбаган неме эки-үч жыл мурун Баткенде чек ара жаңжалы чыкканда, ошол жерге “атышам” деп кеткенин айтышат. Октябрь окуялары учурунда Бабановго жан тартыптыр. Ал аркылуу бийликке жетишем деген кыялы ишке ашпай калып, Садыр Жапаровду жек көргөн бул бала “Жетим-Тоо кенине кол тийгизбейбиз, каздыртпайбыз” деп чыкты. Ал өзү Жетим-Тоо деген эмне кен, кайсы райондо жайгашканын деле билбейт. Анан жанагы Жеңиш Молдокматовдун колуна түштү. Ал дагы октябрда саясаттын четинде калган бир неме. Экөө Айни көчөсүндө кеңсе ачып, ачык эле максат коюшту – эмнеси болсо дагы, бир дүрбөлөң уюштуруп, бийликти иштетпей, кетирүү. “Ханституцияга каршы” деген кыймыл түзүмүш болушту. Репетиция кылып, өткөн аптада Акүйдүн кире беришинде митинг өткөзгөнгө да үлгүрүштү. Анысына өздөрүнө окшогон жыйырма чакты “бездельниктер” чогулушту. Өздөрүнө эле чоң болуп көрүнбөсө, бийлик буларды тоготуп да койгон жок. Тилек атасына мактанып, тим эле ага Садыр өзү ортомчуларды жөнөткөнүн, “каалаган кызматын” сунуштаганын айтып, байкуш бала апыртыптыр. 

Күүлөнүп, Фейсбук аркылуу күнүгө бийликти мазактап жазып, референдумдун эртеси – 12-апрелге “бийликти кетирүү” митингин дайындады. Азыр эл деле түшүнүп-түшүнбөй эле жазып атышат, “бийлик пикир айтканы үчүн камады” деп. Азыр достору жазган постторун өчүрүп коюшуптур. Митингде ачык эле “бийликти кетиребиз”, Садыр Жапаров бандит, чыккан түрмөсүнө кайра камайбыз”, “мен өзүм чыбык менен сабайм” деген сыяктуу темаларда өтө орой тилдеги, мыйзамсыз чакырыктарды жарыялаганы чын. 

Мына азыр ким гана жазган жок ойлорун? Пикир үчүн камалбайтбизде сөз эркиндик кепилдиги байыртадан ыйык тутулат эмеспи. Бирок митинг жана жыйындарды саясый максатта, тынч гана өткөзүүгө болот. Массалык маалымат каражаттарын пайдаланып, “баланча күнү чогулабыз, бийликти кетиребиз” деп жарыялоо – бул баардык өлкөлөрдө кылмыш. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси боюнча эки жарым жылга чейин кесүү жазасы көрсөтүлгөн. 

Бийлик Тилекти камап, жаштарга жана башка маргиналдарга кичине бир сабак үйрөтсө туура болот эле. Тилек камалбасын, күнөөсүн мойнуна алса, айып пулга деле тартылса жетишет. Бирок, кептин ачыгы, туугандар, мамлекетте тартип орносун. Тилектердин тилегени башаламандык, мыйзамсыздык, дүрбөлөң жана ызы-чуу. Ачык айтканда, булар жер өрттөшкөнгө, согуштагыдай курал-жарак да пайдаланганга даяр. Бузукулардын баарын эле биз элдик киши катары тааныбай, орду-ордуна коюп, тыйып, тынчытуунун убактысы келди. 


Абылай Бактыбеков

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер