Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаршен Касенов: “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси жакшы шарттарды түзүп берди”

Шаршен Касенов: “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси жакшы шарттарды түзүп берди”

07-февраль, 23:27
7 292 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Самбо, дзюдо жана эркин күрөш боюнча СССР спортунун чебери, “Дордой” спорттук клубдун жетекчиси менен маек.

-- Шаршен мырза, “Дордой” спорттук клубу жылды кандай жыйынтыктады?

-- 2020-жыл биз үчүн жаман жылдардан болгон жок. “Дордой” футболдук командабыз Кыргызстандын 12-ирет чемпиону болду. Хоккей курамы 5-жолу өлкө чемпионатын жеңип алды. Волейболдук командабыз байгелүү орундарга жетишти. Жылдын аягында күрөш боюнча дүйнө кубогунда Жоломан Шаршенбеков чемпиондукту багынтканын абдан кубануу менен кабылдадык. Мына ушундай.

-- 2021-жылдын башталышы деле жакшы көрсөткүчтөр менен башталгансыды?

-- Туура айтасыз, бир жума мурун эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты аяктап, биздин клубдун балбандарынан Эламан Догдурбек уулу менен Саякбай Усупов чемпиондукту багынтса, Арсланбек Турдубеков күмүш медалга арзыды. Магомед Будунов колого жетишти. 

-- Айтсаңыз, быйылкы жылы Японияда эмне болгон күндө да жайкы олимпиада оюндары өтмөк болду. Спорттук клубдун даярдыгы кандай?

-- Японияда өтө турган олимпиадалык оюндарга жолдомо бере турган мелдештер жакында старт алат. Алсак, Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өткөнү турат. Буга биздин клубда машыккан балбандар барып, ийгилик жаратып келет деген чоң үмүтүбүз бар. Спортто алдын ала “мынча же тигинче балбаныбыз лицензия алат” деген нерсе айтылбайт, Кудай буюрса деп туралы. Буга чейин биздин клубдан олмипиадага жолдомону грек-рим балбаны Атабек Азизбеков алган. 

-- Сиздердин “Дордой” спорттук клубга машыгууга дилгирленген аттуу-баштуу спортчулар менен толукталып атабы?

-- “Дордой” футболдук командага мурун “Алайда” ойногон Кожо Жоел (Жумабай) Гана өлкөсүнөн келген каратору топ тепкич бала биздин клубга келди. Эркин күрөш боюнча эки-үч балбан кошулду. Бокстан оор салмакта жакшы көрсөткүч көрсөтө ала турган мушкерлерден алып койдук. 

-- Акжол Махмудов да сиздердин спорт клубдабы?

-- Ооба, бизде машыгат. Азыр баягы калыбына  жакындап калды. Балдар менен бир маал дене жибитүү көнүгүүлөрүн жасап, машыктыруучунун көзмөлүнөн чыкпайт. Өзүңөр билесиңер, спортто жаракат алуу өзгөчө футбол менен күрөштө азаптын азабы эмеспи.
-- Гүлжигит Алыкулов да сиздердин спорттук клубдан чыккан эле...

-- Туура айтасыз, кадимки бейиши болгур куудул Жаныбек Алыкуловдун баласы да. Бизде машыгып, бизден тарбияланган бала. Азыр Гүлжигит Казакстандын командасында ойнойт. Былтыр Алматы шаарынын “Кайрат” командасында ойноп чемпион болду.

-- Пандемия спорттук клубга кандай таасир берди?

-- КОВИД-19 пандемиясы бир эле спортчуларга эмес, бүткүл дүйнө адамзатына бүлүк салды. Ойлогон ойлорду, көздөгөн максаттарды өзгөрттү. Ошого карабастан биздин “Дордой” ассоциациясынын жетекчиси ар дайым материалдык ж.б. каражаттардан кемкарч кылбай, меценаттык иши менен спортчуларга баардык шарттарды түзүп берүүдө.  



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер