Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Олимпиадага Тыныбекова, Азизбеков, Петрашов, Андреева, Масловалар жолдомо алышты”

Каныбек Осмоналиев: “Олимпиадага Тыныбекова, Азизбеков, Петрашов, Андреева, Масловалар жолдомо алышты”

09-ноябрь, 01:25
3 423 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1980-жылы Москвада өткөн жайкы олимпиада оюндарында оор атлетика боюнча чемпиондукту багынткан кыргыз спортунун легендасы Каныбек Осмоналиев агабыз менен маектештик. 

-- Каныбек ага, сизди элдин баары билет, жөн эле эмес, оор атлетика боюнча олимпиада чемпиону катары баалап-баркташат. Айтсаңыз, учурда Кыргызстанда чыгып келаткан спортчулардын акыбалдары кандай?

-- Сиздерге белгилүү болгондой, кезектеги жайкы олимпиада оюндары Японияда өтөт. Ага учурда биздин беш спортчубуз, анын ичинде кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, грек-рим күрөшүнөн Атабек Азизбеков, сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов, жеңил атлетикадан Юлия Андреева жана Дарья Масловалар жолдомо алышты. Бирок, азыркы учурда олимпиадага лицензия ала элек балдарга өтө чоң мүмкүнчүлүк болуп турат, убакыт бар. Буга өздөрү машыктыруучу менен биргеликте даярдануусу керек. Аларга эл аралык мелдеш керекпи, керек эмеспи, өз жөндөмдөрүн арттырууда ага карабагандары оң. Жолдомо утуп алган спортчуларга бир аз жолтоо болуп тургансыйт. Анткен менен “мен жеңем” дегендерге эч бир тоскоолдук жаратпайт. Коронавирус пандемиясы биздин эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнөдө жүрүп жатат. Ошого карабастан кээ бир мелдештер, анын ичинде дүйнөлүк чемпионаттар эч бир көрүүчүсү жок эле акырындап өтүп баштады. Ал эми Япония эмдиги жылы кезектеги олимпиада оюндарын өткөрүүгө даярданып койду. Кыргыз спортчулары да муну билип, баарына даяр туруусу керек. Ар бири өзүнө тың, өзүнө туруктуу, анан өлкөсүн сүйгөн патриот болушу шарт, ошондо гана бийик көрсөткүчтөрдү көрсөтө алат. 

-- Спорттун дагы кайсы түрүнөн биздин спортчулар жолдомо алганга мүмкүнчүлүктөрү бар?

-- Күрөштөн, бокстан, балким оор атлетикадан алып калышы мүмкүн, мен ишенем. Сууда сүзүүдө бир кызыбыз бар эле, азыр анын даярдыктары кандай экенин билбей атам. Андан бөлөк жеңил атлетикадан дагы болуп калаттыр. Калганын айтыш кыйын.

-- Москва олимпиадасына 40 жыл болду. Кыргыз олимпиада чемпиондору жолугуп кездештиңерби? Кимиси кайда, эмне иш менен алек экен, ушундай мүмкүнчүлүк болдубу?

-- Бул жөнүндө олимпиада комитети ойлонуп атса керек. Анткени азыр жыл бүтө элек. Ошондогу чемпиондордон Александр Блинов, Татьяна Колпакова, Николай Чернецкийлер бар. Александр Мелентьевдин көзү өтүп кетти. Москва олимпиадачылары, анын ичинде чемпиондор чогуу бир жерден жолуга элекпиз. Мындай нерсени бир адам уюштуруу кыйынга турат. Мамлекет кийлигишкени оң болсо керек. Албетте, андай мүмкүнчүлүк болсо кана?! Ал доорду эскерүү өзүнчө эле ностальгия болот эле... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер