Карантинде сөгүнгөндөрдүн баары "киргиздер" экен

Журналист Манас Осмон карантинде сөгүнгөндөр жалаң “киргиздер” экенин жазып чыкты.
"Карантинде кыргыздын "кашасы" чыкты. Элибизди сөкпөгөн, жерибизди сөкпөгөн, атактууларыбызды сөкпөгөн эч ким калбады. Жада калса, элчилер деле сөгүп атышат шытыратып.
Байкадыңарбы, сөккөндөрдүн баары “киргиздер” экен. Орус мектепте окуп, орус элин сүйүп чоңойгондор. Анан, аларды жактап, аямыш болгондор да орус тилдүүлөр. Ушулардан өлкөбүзгө кайыр келбейт. Булар орус тилде сүйлөсө эле билимдүүбүз деп ойлошот. Андай эмес. Көрүп атасыңар го, кыргыз баласы "какой то, чувак" деп атат. Элинен кабары жок.
Баягы Отунбаева айткан, айыл кыштактан келген, кыргызча сүйлөгөн "мырктар" бар го, ошолордон айланып кетсе аз. Кыргыз тилинин мээрими бар. Мекенди сүйдүргөн касиетке ээ. Үйдө кыргызча сүйлөшөлү достор! Өлкө "киргиздерге" керек эмес, маңкурттун өлкөсү болбойт! Мамлекет биздей айыл-кыштактан келгендерге өтө керек!"