Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Жумагазиев: “Ысык-Көл облусу боюнча уюшкан кылмыштуу топторго катуу бөгөт коюлган”

Канат Жумагазиев: “Ысык-Көл облусу боюнча уюшкан кылмыштуу топторго катуу бөгөт коюлган”

05-август, 23:43
1 896 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Көл ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги менен маек.

-- Саламатсызбы урматтуу Канат Сагынович! Ысык-Көл обусунун аймагында криминогендик абал жана милиция кызматкерлери тарабынан жетишкендиктер боюнча сөз кылсак кандай дейсиз?

-- Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, кодекстеринин, КР президенти урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун жарлыктарын, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун токтомдорун, ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов тарабынан коюлган тапшырма, талаптарын аткарууга, облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүн жакшыртуу, өздүк курамдын кызматтык тартибин, мыйзамдуулукту сактоосу боюнча көзөмөлдү күчөтүү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана бөгөт коюуда, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана жол кыймылын көзөмөлдөөдө коюлган тапшырмалар так аткарылууда.

-- Облусттук ички иштер кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жакшыртууда кандай иш-чаралар өтүүдө?

-- Тоолуу жерлерде, тактап айтканда, Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылында милициянын участкалык уполномоченныйга ылайыкталышкан үйү менен милициянын таяныч пункту, Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айылында милициянын таяныч пункту, Тоң районунун Көл-Төр айылында милициянын участкалык уполномоченныйга ылайыкталышкан үйү менен милициянын таяныч пункту жана Балыкчы шаарынын автобекетинде милициянын таяныч пункту ачылып, ишке берилген.

-- Облустун аймагында милицияга карата жарандардын ишенимин көтөрүү максатында кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-- Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жана шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери тарабынан жеринен жергиликтүү жарандардын көйгөйлөрүн чечүү максатында 327 калк алдында отчет берилип, жалпы 21 миң 251 адам менен жолугушуу болгон.

-- Жарандар өздөрүнүн арыз-муңдарын кандай жолдор менен силерге жеткизе алат, же бөлүмдөргө барып гана билдире алабы?

-- Ысык-Кѳл облусунун аймагындагы 7 милициянын кѳчмѳ кабылдамаларын (ППМ) 2022-жылдын 6 ай ичинде жалпы 657 аймактарга чыгуу менен тийиштүү иштерин аткарып, 595 арыз-даттанууларды кабыл алып, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынган. Айрым арыздар милициянын ишмердүүлүгүнө тийешеси жок болсо дагы кабыл алынып, тийиштүү мекемелерге жеткирилген.

-- Жайкы туристтик мезгилде эс алуучулардын коопсуздугун сактоо боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-- Ысык-Көл облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан “Туристтик мезгил–2022” иш-чарасын өткөрүү убагында көлгө түшүү эрежелерин сактоо боюнча 8000 буклеттер жана баннерлер даярдалып, жергиликтүү жарандарга жана туристтерге таратылган, бул иш-чараларындан алкагында 7 адам сууга чөгүп жаткан кезинде милиция кызматкерлери куткарып калууга үлгүрүшкөн. 

Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милициясынын базасында туристтик мезгилде call-борбору ачылып, жарандарга көрсөтүлүүчү сервистик тейлөөнү турмушка ашырып келишүүдө. Анда Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар +996 705 009 102 номерине чалып, коопсуздук маселелери боюнча гана эмес, экологиялык коопсуздук, жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар тууралуу маалыматтар менен кайрыла алат. Кызматкерлер күнү-түнү жооп берип, баардык чалууларга ыкчам жардам көрсөтүп келет. Call-борбору түзүлгөндөн баштап Кыргызстан Россия, Индия, Франция, Германия, Литва, Пакистан, Египет, Въетнам, Словения, Улуу Британия, АКШ, Испания, Сауд Арабиясы, Тунис, Казакстан өлкөлөрүнөн кайрылышкан. Жыл башынан бери call-борборуна 137 билдирүү келип түшкөн. Түшкөн баардык билдирүүлөргө өз убагында чаралар көрүлүп, көмөк көрсөтүлүп, бир дагы билдирүү кароосуз калтырылган эмес.

-- Канат Сагынович, ушул иштер тууралуу кененирээк токтоло кетсеңиз?

-- 2022-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53,3 пайызга аз катталган, мындай көрүнүш облустун баардык шаар жана райондорунда азайганы байкалган. Себеби, 2022-жылы ушул мезгилге жалпы 1471 кылмыш катталган болсо, 2021-жылы 5401 кылмыш катталган, бул Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан натыйжалуу алдын алуу иштеринин жыйынтыгы деп эсептейм.

Жалпы кылмыш фактылары боюнча жарандарга келтирилген чыгым 11 806 500 сомду түзөт, негизги максат болуп тергөө учурунда ушунун ичинен өндүрүлүп берилгени 8 102 200 сомду түзүп, келтирилген зыян кайтарып берилип, 68,6%ды түзгөн. 

2022-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен мал уурулуктун кесепетинен жарандарга келтирилген материалдык чыгым туурасында айта кетсек, жалпы 4 481 000 сомду түзгөн. Көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында 2 764 000 сом уурдалган мал ээлерине кайтарылып берилип, анын кайтарымы 61,7%ды түздү.

Анын ичинен 90 баш кайтарылып берилген:

Бодо мал – 21;

Жылкы – 3;

Майда мүйүздүү малдар – 66.

Мындан сырткары, жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында облустун аймагында курамында 121 адамдан турган 45 кылмыштуу топ кармалып, алар тараптан жасалган 109 кылмыштын бети ачылган. Дагы бир айта кетчү маселе, КР президенти Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен Ысык-Көл ОИИБнин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын базасында “Туристтик-экологиялык взводу” ачылып, бүгүнкү күндө коюлган тапшырмаларды так аткарып келишүүдө.

Жыл башынан бери экологиялык коопсуздукка каршы кылмыштардын жана укук бузуулардын 124 фактысы аныкталган. 

Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу – 48 факт;

Мыйзамсыз балык уулоо – 27 факт;

Мыйзамсыз аңчылык кылуу – 6 факт;

Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү – 16 факт;

Мыйзамсыз кармалган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин чыгарып кетүү, ташуу, сактоо – 2 факт;

Жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жок кылуу – 1 факт;

Токойду жок кылуу, бүлүнтүү – 1 факт;

Жердин кыртышын бузуу – 6 факт;

Сууларды булгоо – 2 факт;

Атмосфераны булгоо – 1 факт;

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин бузуу – 3 факт;

Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө – 12 факт.

-- Эс алуучуларга карата жергиликтүү жарандар тарабынан шарттарды түзүүдө уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан коопсуздук жаралышы мүмкүнбү?

-- Ысык-Көл облусу боюнча уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү тарабынан 15 кылмыштын бети ачылып, 11 мүчөсү кармалып, камакка алынган. Бүгүнкү күндө булар тарабынан кылмыш жасоого жол берилбей, катуу бөгөт коюлуп жатат. Мындан тышкары, алдын алуу иштери дагы жүргүзүлүүдө. Уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү тарабынан бир дагы опузалап талап кылуу жана башка кылмыш, укук бузуу фактыларына жол берилбейт деп ишендирип кетем.

Кылмыштуулукка жана укук бузууга бөгөт коюу максатында Ысык-Көл ОИИБнин жайгашкан жеринде облустун аймагында коюлган видеокөзөмөл камераларынын бирдиктүү базасын түзүү максатында “Башкаруу пункту” салынууда. Бул жергиликтүү жарандарга, келген меймандарга, эс алуучуларга жана чет мамлекеттен келген туристтерге карата коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлгөн бирден-бир иш-чара катары эсептейм.

Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жана шаар-райондук бөлүмдөрүнүн имараттары дагы 10 000 000 (он миллион) сомду түзгөн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

КР ички иштер министрлиги, президенттин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү жана башка жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кызматтык пайдаланууга жыйырмадан ашык автоунаалар берилген. 

-- Кызматкерлердин үй тиричилигин жакшыртуу максатында кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-- Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жана шаар-райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатында, Каракол шаарынын жаңы конушуна мезгилдин талабына ылайык, заманбап 100 батирлүү үйдүн иш кагаздары бүткөрүлүп жатат. 

-- Балдарга карата жана алар тараптан жасалган кылмыштар боюнча алдын ала кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат?

-- Ысык-Көл ОИИБ тарабынан балдардын зомбулукка кабылышынын себебин аныктоо, зомбулукка дуушар болгон балдарды социалдык жактан реабилитациялоо иштерин жүргүзүүдө тийешелүү кызматтардын жоопкерчилигин көтөрүү менен балдарга туура, даректүү жардам көрсөтүү максатында «Зомбулуксуз жашоо үчүн» долбоору даярдалып, облус аймагында балдар арасында топтошуп мушташуу, үй-бүлөлүк, сексуалдык зомбулуктарды, эрте кош бойлуулук жана эрте турмуш куруу учурларынын алдын алуу багытында 2022-жылдын 9-майында Ысык-Көл ОИИБ демилгесинин негизинде “Ысык-Көл облусунун аймагында балдар арасында зордук-зомбулукту, эрте никеге туруу жана турмуш куруу учурларын алдын алуу максатында форум-театр өткөрүү жөнүндө” иш-чаралар Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттеринин жардамы менен 2022-жылдын 11-майынан 25-майына чейинки аралыкта 3 шаар жана 5 райондо жалпы 54 этап менен өткөрүлүп, 18000 миң окуучуну камтыган. Ошондой эле иш-чарага шаар-райондордун жергиликтүү бийлик, билим берүү, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, прокуратура органдарынын өкүлдөрү чакырылып, форумдун жүрүшүндө балдар тарабынан ачык-айкын берилген суроолорго толук кандуу жооптор алынды. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер