Акыркы кабарлар
» Күч берен » Айсулуу Тыныбековага «Toyota Camry» унаасын белек кылышты
Айсулуу Тыныбековага «Toyota Camry» унаасын белек кылышты
11-ноябрь, 16:24

Кыргызстандагы белгилүү бир компаниянын башкы директору Болот Абилдаев кыргыздын балбан кызы, аялдар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага «Toyota Camry» үлгүсүндөгү унааны белек кылды.Бул белекти кечээ 10-ноябрда тартуулаганы белгилүү болду.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова быйыл Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн аялдар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунду жеңип, алтын медаль алган. Президент Сооронбай Жээнбеков спортчунун жеңиши менен куттуктап, Бишкектен үч бөлмөлүү батир берген эле. Андан сырткары дагы бир жеке ишкер Алмаз Тиленов бир бөлмөлүү батир тартуулаган болчу.
Эми балбан кызга унаа белек кылышты.
Aryba.kg











