Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мукаш Ырсалиев азаматыбыздын кыргыз спортуна кошкон салымы

Мукаш Ырсалиев азаматыбыздын кыргыз спортуна кошкон салымы

26-июль, 09:00
7 463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында ордо калаабыздагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 2009-2010-жылкы төрөлгөн балдар жана кыздар арасында бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өттү. Мелдеш СССРдин спорт чебери, СССРдин балдар арасындагы кыргызстандык тунгуч жеңүүчүсү жана КР бильярд боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Константин Коробовдун байгесине арналды. Турнирдин демилгечиси, уюштуруучусу жана бүт тарабынан демөөрчүсү IBAнын үч жылдыздуу рефери-калысы Мукаш Ырсалиев азаматыбыз. Кыргызстандын биринчилиги абдан жогорку деңгээлде өтүп, мындайча айтканда, спорт майрамы болду десек жаңылбайбыз. Кыргыз жергесине Мукаш иним тарабынан бокс боюнча олимпиаданын эки жолку (2004, 2008), дүйнө жана Европа чемпиону Алексей Тищенко, олимпиаданын коло медалынын ээси Азербайжандын мушкери Фуад Асланов жана дүйнө чемпиону россиялык Андрей Гоголевдер чакырылып, финалдык таймашка күбө болушту. Коноктордун мелдешке катышуусу өсүп келаткан жаш мушкерлерибизге дем, күч-кубат берип, шыктандырганына өз көзүбүз менен күбө болдук. Ал эми атагы ай ааламды сапырган, дүйнө жүзүндө белгилүү меймандарыбыз кыргыз жергесине келип, кооздугуна катуу таасирленгенин өз ооздорунан укканга жетиштик.


Алексей ТИЩЕНКО:

-- КР бильярд боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Константин Коробовдун байгесине арналган балдар жана кыздар арасындагы бокс боюнча республиканын мелдешине Мукаш Ырсалиев чакырган. Мелдеш абдан жогорку деңгээлде өттү. Акырына чейин катыштым. Чемпион болгон балдарга арналган атайын белегимди тапшырып үлгүрдүм. Кыргызстанда спорттун бокс түрү билинбеген менен абдан эле өнүгүп атыптыр, өсүш байкалууда. Олимпиада чемпиону болуш үчүн талыкпаган эмгек жана талант керек. Ушундай турнирлер көп өтүп, тандалып, такшалып отуруп өсүп чыгат эмеспи. Мукаш агам мелдеш аяктагандан кийин кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлдү көргөздү. Жаратылышка чыктык. Алган таасиримди сөз менен айтып жеткизе албайм! Жомоктун ичиндеги жомок экенине көзүм жетти. Ал эми Мукаш агамдан алган белектериме ыраазычылык билдирем. Албетте, Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Эми туз насип этсе, жылдын кайсы мезгили болбосун келүүгө шашылам!


Фуад АСЛАНОВ:

-- Мукаш Ырсалиев досума рахмат! Кыргызстанга Андрей экөөбүз мурун бир келип кеткенбиз. Константин Коробов атындагы республикалык мелдешти жогорку деңгээлде уюштуруптур. Эч кынтык таппайсың. Финалдык мелдеште рингге чыккан жаш мушкерлердин ар бир таймашын тамшанып көрдүм. Кыргызстанда кийинки мезгилде олимпиада оюндарында өздөрүн көргөзө ала тургандар жок эмес экен. Намыскөй, тырышчаак, чапчаң балдардын таймашы көз жоосун алды. Өзүмдүн мекениме кайткыча Мукаш досубуз айтылуу Ысык-Көлгө эс алдырды. Көчмөндөр оюну өткөн Кырчын жайлоосунда болдук. Жаратылыштын кооздугуна сөз жетпейт! “Бейиштин төрү” деп айтсам жаңылбайм. Катуу тасирлендим. Ал эми элдин меймандостугуна суктанасың. Ар бири кучак жайып саламдашып, “кош келдиңиз кыргыз жерине!” десе, жүрөк кубанат. Дагы бир жолу Мукаш досума рахмат!


Андрей ГОГОЛЕВ:

-- Кыргызстанга экинчи жолу келишим. Экөөндө тең Мукаш агам чакырды. Биринчи жолу Курнявканын мелдеши болчу. Ал убакта кыш айлары болуп, жаратылышка кенен чыккан эмеспиз, бу жолу мелдеш бүткөндөн кийин Ысык-Көлгө барып сууга түшүп, ысык кумга оонаганга мүмкүнчүлүк болду. Курнявканын, учурда СССРдин спорт чебери Константин Коробовдун республикалык мелдештерин Мукаш агам баштан-аяк уюштуруп, кеткен чыгымдарынан өйдө демөөрчү болгонун чоң эрдик деп баалап атам. Мен билгенден ушуну менен 5 же 6 жолу ушундай мелдештерди өткөрдү. Анын кыргыз спортуна, анын ичинде бокска кошкон салымы баа жеткис деп билем. Кыргызстанга Мукаш агамдын чакыруусу менен келген коноктордун атынан ыраазычылык билдирип, тизе бүгүп таазим этмекчибиз! Ал эми биздин спорттогу ага-инилик мамиле мындан ары да бекемделет, керек учурда эки элге көпүрө болуп берүүгө баардык күч аракетибизди жумшайбыз!


Соңку сөз ордуна

Мукаш Ырсалиев иним кыргыздын атуулу катары кыргыз спортуна, анын ичинде бокска кошуп аткан салымы үчүн мамлекет тарабынан алакандай мактоо кагазын алган эмес жана муктаж да эмес болсо керек. Кыргыздын патриот уулу экенин көпчүлүк билет. Керек болсо бокс федерациясын жөнгө сала турган жигит. Ага дарамети жетиштүү. Бу жолу Кыргызстанга келген олимпиаданын эки жолку чемпиону Алексей Тищенко менен дүйнө чемпиону Андрей Гоголев биздин журт башыларга төмөндөгүдөй кайрылуу кылды:

Урматтуу Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич! Кыргыз жергеси бизге абдан жакты. Жаратылышынын кооздугуна сөз жок. Жакында Асман шаарын куруу боюнча капсуласы салынды. Шаар курулуп, аягына чыгат. Ал жердин заманбап инфраструктурасы чет элдик туристтерди өзүнө тартып, аны менен бирге өлкөнүн өнүп-өсүшүнө мыкты шарттар түзүлөрүнө шек жок. Кыргыз жери – бул Швейцария


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер