Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдуард Кубатов: “Пакистандын аябай татаал Каракорум тоосун багындырууну пландап атам”

Эдуард Кубатов: “Пакистандын аябай татаал Каракорум тоосун багындырууну пландап атам”

11-февраль, 19:22
1 866 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыздын атагын дүйнөгө тааныткан чыгаан уулдарынын бири Эдуард Кубатов менен чакан маек курдук. Жердин эң бийик чокусу болгон Эверестти багынткан учурда жүрөктүн согушу, кан басымы бизди кызыктырды. Мындан сырткары, кийинки максаттары кандай болмокчу?

-- Эдуард иним, бийик-бийик чокуларды багынтып жүрөсүң. Адамзаттын жүрөгүнүн согушу, кан басымы, абанын температурасы ж.б. бир сөз менен айтканда, саламаттыгы мыкты адам гана деңиз деңгээлинен жогору 8000 метр жерге бара алат, чыга алат...

-- Жүрөгүмдүн согушу, уктап жатканда мүнөтүнө 38 жолу, жай басып жүргөндө 47-52, машыгуу учурунда 145 жана спорттук деңгээлде жеткен чеги 172 сокку урат. Анан сиз айткан Эверестти, эң бийик, жеткен чегин багынткан бир-бир жарым суткада 160-170 сокку болуп атты. Ал эми кан басымым ар дайым нормада, космонавттардыкынан кем калбайт. Абанын температурасы -35 градус, шамалдын согушу 30 км/саат болуп атты. Кычкылтектин жыштыгы өтө төмөн, адам 20 пайызын гана алат, аба жетишсиз.  

-- Айтсаң, Эверестти багынтып жүргөн учурда ковид менен алпурушуп жүргөнсүдүң эле, бу жагы кандай болду?

-- Туура айтасыз, Эверестти багынткан мезгилде ковид менен ооруп жүргөм. Чокуну багынтып, Непал өлкөсүнүн борбору Катмандуга келип, андан ары өз мекениме уча албай калгам. ПЦР-тест тапшырсам, үч жолкусу тең “положительный” болуп калды. “Индийский дельта”деп америкалык тест аныктаган. Ошол кезде Катманду шаары “кызыл зона” кези болчу. 

-- Эвересттин чокусуна чыккандан кийин кандай ойлор пайда болот экен?

-- “Максатыма жеттим” дейсиң. Кыргызымдын туусун сайып, калпагым башымда болгондуктан “мен кыргызмын!” деп чокуну жаңыртып кыйкырып алдым. Бирок, ал жерден кайра аман-эсен жерге түшүп, элиңе кайтуу ойлору көкүрөгүңдү курчайт. Анткени, чокуну багынткандардын 80 пайызы түшүп келатып каза болушкан, муну эстен чыгарбаш керек! 

-- Кийинки багынта турган бийик чоку кайсы?

-- Бул жөнүндө алдын ала айткым деле келбейт. Анткен менен Пакистандын аябай татаал Каракорум тоосунда “Чогори” (муну альпинисттер “К2” деп коёт) чокусу бар, бийиктиги 8611 метр, жалама зоо, аябай татаал. Ушуну июнь-июль айларына пландап атам. Бул жакка баргандардын 37 пайызы кайтыш болгон. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер