Эмне үчүн туризм жогорку деңгээлде өнүкпөй жатат?
-- Кыргызстандын тоолоруна, көлүнө кызыккан чет элдик эс алуучулар көп. Мамлекет тарабынан көрүлгөн тейлөө, сервис көңүлүңүзгө толобу? Эмне үчүн туризм жогорку деңгээлде өнүкпөй келет?
Ленара Ниязбекова, «Кыргызлэнд» экспортёрлор жана импортчулар ассоциациясынын төрайымы:
-- Кыргызстандын жаратылышы, табияты туризмге абдан дал келген өлкө. Бирок мамлекетибиз бүгүнкү күнгө чейин бул тармактын кайсы багыттарын өнүктүрөбүз (?) деген приоритеттерди так аныктаган жок. Кыргызстанда туризмдин бир канча түрлөрүн өнүктүрсө болот. Мисалы, тоо туризми, анын өзүнчө жол-жоболору, тартип эрежелери, ага тийешелүү мыйзамдар болушу керек. Бирок ал чийки, ачык боюнча эле жатат. Көл тууралуу айтсак, эс алуучулар эң көп келген жер, бирок ошончолук таштанды акыр-чикирлер да көп болууда. Экология одоно бузулуп, жоопкерчиликти эч ким албай келет. Мындан сырткары, бизде тарыхый ыйык жерлер абдан көп. Дүйнө жүзүнөн туристтер келишүүдө. Бирок алардын тартип эрежелери жок. Ички жана сырткы туризм кандай болуш керек – толгон-токой суроолор ачык бойдон калып жатат. Болгону сезон ачылганда көлгө ыктап, ошол алкактан эле карай беребиз. Башка тармагы ачык-чачык, чаржайыт боюнча турат.
Туристтер Ысык-Көлдөгү сервистен иренжип кетишет. Биринчиден, жарнакталган маалымат менен сервис дал келбей калган жагдайлар абдан көп. Бир сезон болгон үчүн көлдүн тегерегиндеги компаниялар бааны абдан көтөрөт. Бирок тейлөө ойдогудай эмес. Кыргызстанга келген көп коноктор бир-эки жолу көрүшүп, анан “ушул акчага башка өлкөлөргө барып, жогорку деңгээлде эс алсак болот” деген таризде башка тарапка кетип калышат.
Негизи “мынча турист келди” деген ураандардан алыстай турган убагыбыз келди. Жалпы туризм жогорку тейлөөнү, өз деңгээлиндеги баа саясатын, тартип эрежелерди талап кылган мыйзамдын алкагында иш алып барган тармак экенин биз унутпашыбыз керек.
Элдар Шабданов, туризм боюнча эксперт:
-- “Мамлекет тарабынан сервис” жана “жеке бизнес тарабынан” деп экиге бөлүшүбүз шарт. Мамлекет тарабынан айтылган сервис виза берүүдөн башталат. Кыргызстан тууралуу толук маалымат берген сайт болушу керек. Ал туризмди өнүктүрүү боюнча департаменти жана туризмди өнүктүрүү фонду экөөнүн биргелешкен бир сайты болсо түзүк болмок. Ал жерде Кыргызстандын кайсы жерлерин көрсө болот, виза кантип алышат – баары камтылышы зарыл. Кабыл алууда электрондук виза берүү, аэропортто виза берүү, чек ара кызматкерлери аэропорттон тосуу – мунун баары мамлекеттик кызматка кирет. Андан тышкары, ошол эле туристтик милиция, саламаттык сактоо кызматтарын айталы. Мамлекеттик кызматты карай турган болсок, сервис төмөн, электрондук виза алайын десе жарымына берип, калганына бербей, сайты бир аз түшүнүксүз. Ошон үчүн мамлекеттик кызматты көтөрүү үчүн толук реформалар зарыл. Ал эми жеке сектордун кызматын карасак, бул жерде ар кандай. 1000 сомдук сервис да, 100 миң сомдук сервис да бар. Туристтердин чөнтөгүнө жараша. Жалпылап карап келгенде, жеке сервисти да жогорку деңгээлде деп айтканга болбойт. Жакшы тейлөө көрсөткөн жерлер чанда эле. Ал жерлер кымбат.
Жеке сектордун камсыздоосу мамлекеттикинен кыйла эле өйдө. Мамлекет тарабынан өздөрү берген сервиске реформа керек. Жеке секторго бир гана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү абзел. Мисалы, туризм дегенде эле көл эске келет. Көлдү алсак, сезон кыска болгондуктан көп адамдар ал жакка инвестиция кылгысы келишпейт. Ошондуктан атайын тармактар тарабынан жакшылап ойлонуп, сезонду алты ай кылуу жагын караштырсак болчудай.
Асел Акмат, журналист:
-- Мамлекет туризм тармагына көңүл буруп келатат. Бул нерсеге жакында эле ачыла баштаган Rest point борборлору мисал боло алат. Аталган темада мен башка жагдайга фокус бургум келет. Өлкөдөгү туризм тармагынын өнүгүшүнө жергиликтүү калктын ролу да маанилүү. Чет өлкөлөрдө өзүңүздөр байкагандай, сервис кызматкерлери дайыма жылмайып, сылык мамиледе. Жеке байкоом боюнча, Кыргызстанда ушул жагдай аксагандай. Тейлөө тармагына жакшылып көңүл бурулса, ички туризм да алга жылат деген пикирдемин.