“Президент кыз узатуу тойго тыюу салса жакшы болмок”


-- Кыргыздын салтында дүңгүрөтө эл чогултуп, кыз узатуу кылган жок экен го? Бул жөрөлгө кайдан келип чыкты? Тек гана акча табуу амалы эмеспи?
Бактыгүл Чотурова, КР эл акыны:
-- Илгери кыргыздар үйүнөн эле, 300-400 кишини чогултпастан, болочоктогу кудалар, бир туугандар, жакын кишилер болуп узатышчу. Муну элдин баары билет. Азыр заманга жараша “кыз узатуу” дешип, келин алган менен барабар кылышып, чоң тойго айлантып ийишти. Бул эми “аш көп болсо каада көп” деген кыргыздын лакап кеби ушундай көрүнүштөрдөн улам чыккандыр. Азыр “эл жакырланып кетти” дегендерди да угуп калабыз. Анын да негизи бар болсо керек. Бирок, көпчүлүк учурда тойдон башыбыз чыкпайт. Жентек той, бешик той, сүннөт той, жадагалса баласы 5 жашка чыкса да ресторанды дүңгүрөтүп аткандар жок эмес.
Жеке мен кыз узатуу тойго каршымын. Жөнөкөй эле жашасак болмок. Муну эмнеге айтып атам? Чындыгында кыргыздарда бир топ бай жашаса, миң топ жарды жашайт. Анан тигилерге теңелиш үчүн “баламды уят кылбайын, кызымды жер каратпайын” деп карызга болсо да той кыларын кылып алып, кийин кыйналгандар канча! Андайларды ар бир үйдөн көрүп атабыз. Колунда барлардын кылы кыйшайбайт, алардын өз эрки.
Гүлина Исмаилова, экстрасенс:
-- Кыз узатуу тоюн токтотуш керек. Анын арты ажырашууга апкелип атат. Элдин “көзү тийип”, кээ бирлеринин сугу өтүп дегендей... Төрөбөй калгандар көбөйүп атканы байкалат. “Кыз узатуу кыла коём” деп кырсыктарга кабылгандар толтура. Тойго келгендердин басымдуу бөлүгү чын жүрөгүнөн алкыш, каалоо, жакшы батасы менен келбей, ичкүйдүлүктү көрсөтүшкөнү толтура. Ата-бабабыз “колдон алды” деген жөрөлгө менен кызын узатып, аземде комуз менен ыр ырдап, чакан элдин коштоосунда гана түлөө менен чектелчү. “Чыккан кыз чийден тышкары” деп ак сүтүн эмизген энеси: “Барган жериңде таштай катып, суудай сиң. Ажырашып кеттим деп кайрылып келбе. Бак айтсын, очор-бачар болуп, оту менен кирип, күлү менен чык...” деген кошок менен узатчу. Ошондо гана үй-бүлөнүн очогунан от өчпөйт. Азыр эмне көп? Кара дуба көп, окутмай, чокутмай, көз артмай, куру намыс...
Болотбек Усенов, жеке ишкер:
-- “Кыз узатуу” деген кыргызда салт болгон эмес. Жүзү курусун, азыр эле пайда боло калды окшойт. Аны жанагы ирип-чириген байлар, көпөстөр, аларга кошулуп депутаттар кылып атышат. Кыздарыбызды чакан эле адамдарды ак дасторконго чакырып узатып ийгенбиз. Андан кийин куда-сөөктөрдүн каада-салттары, ырым-жырымдары өз алдыларынча ийкемдүү шартта жакындашып, ымалашып, бүт баарын салттын жазылбаган мыйзамдарында болгон. Президент ысырапкорчулук жөнүндө далай ирет айтты. Кыз узатуу так ошол ысырапкорчулукка жол берип атат да. Бул эми бирөөлөр үчүн акча чогултуу, айрымдары ошолорго теңелүүгө далбастап, ашып кетүү десек жарашкыдай. Президент кыз узатуу тойго тыюу салса жакшы болмок. Баш ийбегендерди жазаласын. Ансыз да кыргызда той-топур толтура...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











