Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замирбек Раев: “Динамо Жалал-Абад” спорт клубу Ысык-Көлдөгү эл аралык мелдеште ийгилик жаратып, жаштарга үлгү көрсөттү”

Замирбек Раев: “Динамо Жалал-Абад” спорт клубу Ысык-Көлдөгү эл аралык мелдеште ийгилик жаратып, жаштарга үлгү көрсөттү”

23-август, 08:36
9 615 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында Ысык-Көлдө Кызыл жылдыз орденинин ээси Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул жылы отуз төртүнчү ирет болду. Аталган эл аралык мелдеште "Динамо Жалал-Абад" спорттук клубу абдан чоң ийгилик жаратып, азыркы жаштарга үлгү көрсөттү. Үлгү демекчи, алыскы региондордогу жаштар жөн эле ары-бери көчө таптап басып жүргөндүн ордуна спорттун кайсы гана түрү болбосун алек болуп, артында өсүп келаткан жаш муундарга өрнөк болсо деген эле тилегим. Анткени, олимпиада жана дүйнө чемпиондору элет жеринде ата-эненин туура тарбиясын көргөн, спорт дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган балдардан чыгарын унутпашыбыз керек. Эл аралык В.Гордеев атындагы мелдешке Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Франция өлкөлөрүнүн мыкты спортчулары катышты. Турнирде жеңишке жетишкен биздин балбандар “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамына ээ болушту. Биз учурдан пайдаланып "Динамо Жалал-Абад" спорт клубунун башкы машыктыруучусу, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Замирбек Раев мырзаны кепке тарттым.


-- Замирбек мырза, Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеш быйылкы жылы кандай деңгээлде өттү жана өзүң жетектеген “Динамо Жалал-Абад” командасынын ийгиликтери өзүң ойлогондой болдубу?

-- Учурда Кыргызстанда спорттун самбо түрү тездик менен өнүгүп келе жатат. Дээрлик он жыл мурда, мисалы, Жалал-Абадды ала турган болсок, самбо спорту менен машыккан жаштар таптакыр жок болчу. Ал эми азыркы убакта Жалал-Абадда Динамо спорт клубу үзүрлүү иштеп атат. Динамо клубу самбо жана күжүрмөн самбо боюнча балдарды машыктырган Жалал-Абаддагы жалгыз спорт зал болуп эсептелет. Кудайга шүгүр, көптөгөн жылдардан берки мээнетибиздин үзүрү кайтып, спортчуларыбыз республикалыкдүйнөлүк жана эл аралык мелдештерден татыктуу орундарды камсыздап, байгелүү орундарга жетип атканы бизди да кубандырбай койбойт. Буюрса, мындан ары да Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде желбиретүүгө болгон аракетибизди жумшай беребиз. Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча эл аралык мелдеште "Динамо Жалал-Абад" клубунан Бекболсун Керимбеков (98 кг) алтын, Бектур Идирисов (88 кг) күмүш, Бедиярбек Кадырбек уулу (98+ кг) коло, Азат Аттокуров (71 кг) коло, Медер Сапарбек уулу (64 кг) коло, Элчоро уулу Оомат (98 кг) коло, Эрмек Базарбай уулу (88 кг) коло жана Бекболсун Туратбеков (98+ кг) коло медалды багынтышты. Албетте, биздин балдарыбыз быйылкы мелдешке мындан да жакшы көрсөткүчтөргө жетишмек. Анткени бу жолу макулдашылган эрежеге ылайык саналуу гана спортчуларыбызды апкелип калдык.  

-- Анан айтсаңыз, самбонун кайсы түрү олимпиада оюндарына кирди? Буга сиздердин даярдыктар кандай болмокчу?

-- Самбонун күжүрмөн эмес спорттук түрү олимпиада оюндарына катталды. Биз үчүн бул абдан сонун жаңылык болду. Балдарыбызга дем, күч, шык бере турган окуя десек жаңылбайм. Эми Францияда өтө турган 2024-жылкы жайкы олимпиадага азыртан эле даярдыктарды көрүш керек. Үч жыл бат эле өтүп кетери бышык. Азыркы кезде “Динамо Жалал-Абадда” учурда 300дөн ашуун улуулар жана 200дөй жаш өспүрүм спортчулар машыгып келет. Биздин залда көп улуттуу катардагы жарандар менен бирге укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы биргеликте машыгышат. Милиция агаларыбыз эл арасында жаштарга үлгү катары күжүрмөн даярдыгын бекемдеп, жаштарга спортту даңазалап, кылмыштуулуктан алыс болууну үгүттөп жана менкенибизди сүйүүгө, коргоого чакырып келишет. Аталган спорт клубу 2013-жылы Кыргыз милиция катарында элге кызмат кылган мекенчил агаларыбыз тарабынан негизделген. Спорт клуб түптөлгөндөн бери 8 жыл аралыгында Кыргызстандын, Азиянын жана дүйнөнүн бир катар чемпиондору өсүп чыкты. Арасынан кантип олимпиада чемпиону чыкпасын? Буюрса деп туралы...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер