Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бабанов акыры бийликтегилерден өч алабы? “Жоо аяган жаралуу” дейт...

Бабанов акыры бийликтегилерден өч алабы? “Жоо аяган жаралуу” дейт...

09-декабрь, 14:19
1 053 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго 8 кылмыш иши козголуп, дагы башка жагдайлары боюнча да иликтөө жүрүп атканы белгилүү эле. Саясаттан таптакыр кеткени да кабарланган. Бирок, андай “ойт бермеси” убактылуу гана көз будамайлоо ишарасындай сезилүүдө. 

Кызык, Бабанов жашыруун түрдө келечектеги саясый жүрүштөрүн аныктап, план түзгөнү, айрым коомдук ишмерлер менен тымызын акылдашып, жолугуп атканын кандайча түшүнсө болот? Ыңгайы келгенде саясатка кайтуунун амалында жүргөнү ушулбу? Негизи Бабанов коомчулуктагы козголоңду күтүп аткандай, эсиңерде болсо, Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары 7-августта кагылышкандан кийин келе калбады беле? Ойлогон ою ишке ашпай, натыйжада, буту күйгөн короздой “кокулуктап”, актанып жатып калганычы?.. 

Эгерде жазында өкмөттүн кесепетинен улам, эл көп чогулган митингдер башталса, же күздөгү парламенттик шайлоодо чатактар ырбап кетсе, ал адатынча баш көтөрүп, аксынып, саясый лидерге айланып кетпесине кепилдиктер жок эй. “Жоо аяган жаралуу” дегендей, бул бийликтегилер негизги оппонентин эркелетип, кала берсе алданып атканы акыры өкүнүч менен аяктабайбы? Себеби, Бабанов өтө кекчил, өткөн күндөрдү эч унутпайт. Анан калса, президенттик шайлоодо сарптаган миллиондору үчүн ичи өрттөнүп жүргөнүн билгендер саймедирешүүдө...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер