“Жегич” Ахматбек Келдибеков саясатта таасир жаратуу үчүн жанталашууда
“Эми Ахматбек Келдибеков эски досу Садыр Жапаровдун ишине тоскоол болбой, тек гана отурабы?” деп ойлосок, тескерисинче, ар кандай оюндарды жүргүзүп, баягы кууланмай жоруктарын баштаптыр. Учурда шаардык жана жергиликтүү кеңештерге өз адамдарын өткөзүү үчүн бир топ партияларга тыгып, таасирин арттыруу үчүн катуу иштеп атканын эшиттик. Президент Садыр Жапаров убагында Ахматбек Келдибековдун “жегичтигин” шардана кылган. 2010-жылы “Ата Журт” партиясына казак туугандардан колдоо иретинде 3 миллион доллар келсе, аны Келдибеков “бүкүлү жутуп”, “сиңирип” кеткенин кантесиңер? Дал ушул фактыны Садыр Жапаров китебинде ачык эле жазган. Ушундай адам саясаттан жыдыганына, коррупцияга айыпталуу менен соттолгонуна карабай, кайрадан жулкунуп атса, түштүк кланында лидерге айланууга ашыкса, акыл-эстүү адамдар баш чайкашууда. Анан дагы “Текебаев менен чабышам” деп коёт. Биринчи анын тырмагына тең келеби? Ушул жагын ойлонбойт да. Өзүн ашкере жогору сезет, текеберленет, бирок өзөгү жок экени маалым эмеспи. Натыйжада, Садыр Жапаров сатып кеткен Ахматбек Келдибековду жанына жуутпай койгон соң, ар кандай амалдар менен саясатта оюнчу катары өнөрүн көргөзүүгө ашыгууда. Аңга түшпөйбү?
"Азия Ньюс" гезити