Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырабы?

“Болор бала богунан” дегендей, Нуржигит тестиер кезинен эле чыйрак, илимге ынтызар өстү. Чыгыш күрөшү боюнча да машыгып жүрчү. Жеки Чан, Жет Линин образында. Тили менен ой жүгүртүүсү бирдей өнүккөн. Баары эле мындай эмес. Жазмакерлик жайы да бар.
Убакыт өткөн сайын президенттик шайлоо жакындап келатат. Тымызын даярданган талапкерлер бар. Мисалы, “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков. Бул “эски досту” жаш кезинен бери билебиз. Алдыга койгон максатына жетет. Дымактуу экен. Ийкемдүү, акылы тунук, билимдүү, бирок аткаруу кызматында тажрыйбасы профессионалдуу деңгээлде эмес. Кекчилдиги бар, жердешчил. Акыры сын-пикирге бышырдык, аныгында, тоготуп да койбойт. Тубаса чечендигине салып, кийин дааватты үйрөнүп алып, элди өзүнө бурганды кыйла өздөштүргөн. Интернет айдыңында жүз миңдеген колдоочулары бар. Өзү жөнөкөй жүрүштө, такшалган, баардык аймактарды кыдырып, он, жыйырма киши болсо деле жолугушуп, ар кимдин жүрөгүнө үмүт жаратат. Кыскасы, Нуржигит кыйын. Атына заты жарашкандай. Күлүк катары алыска чапса оозуп кетет. Анүчүн бийликтин айрым билермандары алдыртан торой чалма кылууга ашыгышып, мандатынан ажыратып, саясый талаадан сүрүп салууга шамалана башташыптыр. Бул процесс күздө ишке ашчудай. Бизге жеткен маалыматка жараша божомол кылып жаткан кербезибиз. А баса, сырткы күчтөр да Нуржигитти колдошорун унутпайлы. “Кийинки президент түштүктөн болот” деген айныгыс аксиомадан алганда, каарманыбызга теңтайлаша турган талапкерлер деле чектелүү да.
Ток этерине келсек, эл астында кадырлуу Кадырбеков эртеңки күнү бийлик төбөлдөрүнө баш оору жаратат. Бул жагын политтехнологдор да айтышууда. Эмне кылыш керек? “Камап салайын” дешсе, кашайып тазалыгы бар. Сыягы, коркутуп-үркүтүү менен эле мандатын тапшыртышат окшойт...
"Азия Ньюс" гезити