Азамат Сакиев УКМКны да тоготпой калганбы?
Кыргыз темир жолунунун башчысы Азамат Сакиев кыска аралыкта байып кеткени, 100 миң долларлык “Мерседес” минип жүргөнү соцтармакта талкууланып атат го? Эл ичинде коррупцияга шектеле баштаса, УКМК эмнеге териштирүүгө барбаганы боюнча суроолор жаралууда. Кыргыз темир жолу башынан эле уурулуктун уюгу, очогу катары белгилүү. Ал жерде иштеген жетекчилер тез эле олигархка айланышып, ханча жашап жүрүшкөнүн мисалга тартпай эле коёлу. Убагы өткөндө кылмыш иштери козголуп, канчасы жең ичинен былыктарын бүтүрүп кетишти? Учурда качып жүргөндөрү да бар. Ошолор Азамат Сакиевге сабак болбой, ыплас жолду тандаганбы? Кыртыш байлап, катуу байыганы тар чөйрөдө айтылууда. “Крышасы” жогору жакта отурса, эч кимди көзгө илбейби? УКМКны да тоготпой калганы чынбы? Кабыргасынан коюлган соболдор арбын. Таңгалычтуу.
"Азия Ньюс" гезити