Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөхан Жунусбеков: “Балбак Түлөбаев мэрликтен кете турганын айткан. Кетсин!”

Төрөхан Жунусбеков: “Балбак Түлөбаев мэрликтен кете турганын айткан. Кетсин!”

23-январь, 13:29
3 391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мекенчил” партиясынын мүчөсү, “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков менен чакан маек курдук. Азыр эмне жумуш кылып атканын, партиялаш досу Мелис Аспековдун айланасындагы болуп аткан жагдайларды жана “Айфон” белегин сурадык.

-- Төрөхан мырза, эң жакын досуң Мелис Аспековдун тегерегинде болуп аткан окуяларга кандай комментарий бере аласың?

-- Мелис Аспековдун тегерегинде көптөгөн так эмес моменттер бар. Анын канчалык деңгээлде күнөөлүү же ак экенин тергөө жана сот аныктайт. Бир беткей күнөөлүү катары айтышка мүмкүн эмес. Сот аныктап, чечет. Жанында болбогондон кийин айтуу кыйын. Балким, бирөөлөр “подставить” этип коюшу да толук мүмкүн. 

-- Сен “Мегаком” компаниясында иштеп атасың. Эмне жумуш? Оорбу, айлыгың канча?

-- Азыр “Мегаком” компаниясында башкы директордун кеңешчиси болуп иштеп атам. Жумуш оор деле эмес. Айлыгы 50-60 миң сомдун тегереги. Эми ал да иштегенге жараша да. Азыр “Мегаком” компаниясында “мамлекеттик кызматкерлерди кантип “Мегакомго” өткөрүп, өнүктүрө алабыз?” деген максатта алектенип жатабыз. Жарым жылдын ичинде жакшы жыйынтыктарды көргөзүп, алдыңкы катарга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө жетебиз. Ал боюнча иш-пландар да түзүлгөн.  

-- Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин сени “Бишкек калаа башчылыгына чуркап жүрөт” деп уктук эле, ал жак болбой калдыбы?

-- Мэр болуу оюмда жок болчу. Ушакчылардын чыгарган кеби болсо керек. Болгону, мэрия кызматына мурдагы адам келип, отуруп алгандан кийин ошону кетирүү максатында чыкканбыз. Орто жолдон “Мекенчилдин” жаштары “эски, саясатта жыдыган адамдардын ордуна шаарыбыздын мэри болуп бербейсизби? Убактылуу башкарып бериңиз, кийин бийликке ким келсе өздөрү чечип алат” деп сунуштап калышты. “Менден жакшы, татыктуу кадр келе турган болсо, мен аны колдоп берем” деп ошондо эле айткам. Балбак Түлөбаев келгенде колдоп бердим. Бирок, бүгүнкү күндө жетиштүү деңгээлде, биздин купулубузга толуп иштеп аткан жок. Жеке өзүмдүн оюмда, шаар башчылыгына башка, креативдүү жаштар келсе болмок. Балбак Түлөбаев өзү “жаңы жылдан кийин кетем” деген. Эми сөзүнө туруп, кетсе керек. Кетсин! “Мэр катары жакшы иштеп кетти” деп айта албайм. 

-- Баса... “Сыймык Жапыкеевге Төрөхан Жунусбеков “Айфон” белек кылыптыр” деген маалымат да чыгып кетти...

-- Бул эми азыркы бийликти каралагысы келгендердин ойлоп тапкан ушагы. Бул боюнча Сыймык Жапыкеев өзү түшүндүрмө берип кетти. Аны кайталоонун кажети жок.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер