Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “Бийликтин дүрбөгөн пиарщиктери кооптонуу жаратышууда”

Сабыр Муканбетов: “Бийликтин дүрбөгөн пиарщиктери кооптонуу жаратышууда”

21-январь, 11:40
1 615 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Садыр Жапаров шайлоодон жеңгенден кийин оппоненттерине айкөлдүк кылып, баары менен кызматташарын айткан. Бирок, бийликтин акырынан “жем жеген” маалымат булактары оппозицияны жерден алып сууга салышып, бир беткей шыбап жаткандары эмнени билдирет? Баягы эле ыплас технология уланып атабы? Же жогору жактын кош стандарттуу оюнубу? Кызыгы, каралоого кабылгандар Отунбаева, Кулов, Текебаев, Исаев, Иманалиев, Сегизбаев сыяктуу бир топ саясатчылар... Мындай көрүнүштүн аягы эмнеге алып барат?

-- Пиарщиктер, журналисттер, кошоматчылар аша чаап эле, арадай жерге чарадай чыр салышып, дүрбөтүп жатышкандай. Элди шок кылгандан кумарлануу таап, наркомандардан айырмабыз жок болуп калгандай го. Ага деле мейли, бирок кайраштыруу, айыгыштыруу, душмандаштыруу көбөйүп, алигиче токтобой уланып атканы жакшы эмес, өтө кооптондурат. 

Шайлоо убагындагы бири-бирин каралоо, айыптоо төбө чачтарды тик тургузду. «Эй туугандар, койгула, арыдан бери болгула. Шайлоодон кийин да күн бар, коом ичиндеги тынчтык, туруктуулукту ойлонолу» деп айтсак жаман көрүштү. Улуу-кичүү дебей баары аралашып, эки жаат болуп бири-бирин боктомой дагы деле уланууда. Кошоматчылар менен жагымпоздор аябай көп болуп кетти. Жалачу жерге жетпей, батышпай, тыгын пайда болду...

Азыркы бийликтин оппоненттерин аёосуз боктоп, шыбап, жагынып, жакшы көрүнүп, бийликтин «жылуу колтугунан» орун алгысы келип, жан алекетке түшүп, жарышып жатышат. «Колтуктагылар» болсо ордун сактап калуу үчүн улам күчөп, бийликке каршыларды жанчып, оппоненттерди элдешкис душманга айландырышууда. 

Садыр Жапаров «оппоненттерим менен кызматташам» десе деле токтошчу түрлөрү жок. «Жок, сени элдештирбейбиз, алар менен кызматташтырбайбыз. Аларды камап, өлтүрүп, өлкөдөн сүрүп чыгар, көчүгүңүздө алар эмес бизге орун жетишсиз» дегендей эле жандалбастоодой көрүнүүдө. Кеп чынында, алар Садырга жакшылык кылган жери жок, оппоненттерин элдешкис душманга айландырып берип жатышат.

Баарынан кызыгы, алар ошол эмгеги үчүн жакшы акы алып атышканы айтылууда. Башкача айтканда, Садырдын акчасы менен өзүнө көр казып атышат. Билбей жасап жатышабы, же атайынбы? Ушуну ойлонуулары керек да биринчи кезекте.

-- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөш баштап, шектүүлөрдү каматып кирген. Тилекке каршы, кылтакка илингендер сот аркылуу чыгып кетип жатышат. Маселен, айрым байлардан сырткары Сайпидинов, Саркарбаев, “Алтуха” ж.б. Таңгалычтуусу, бийликте коррупцияга каршы бирдиктүү саясат болбостон, бири камаса, экинчи коё бере берсе, ырааттуулук кайда? Же бул жагы да өзүнчө “бизнеске” айландыбы?.. 

-- Камчыбек Ташиев опер же тергөөчү эмес, биринчи кезекте саясатчы. Кандай иш кылбасын, элдин назарынан өткөрүп, жеке рейтингинин камын көрүүгө көнүп калган. Системалуу, туруктуу иш алып барганга караганда, резонанстуу иштер менен элдин башын айлантып, жакшы көрүнүп алса болорун билет. Бирок, азыркы кырдаал аны досу экөөнү олимптин чокусуна чыгаргандан кийин, ал чын дилден аракеттенип, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка катуу сокку уруп, ак дилден элге кызмат өтөйүн (!) деген ниетте экени көрүнүп турат. Ошондуктан ал жигердүү аракеттерге барып, азуулууларга тиш салууда. 

Бирок, эл ичинде анын аракеттери ар кыл бааланып, Камчынын акырына чейин чын дилден аракеттенерине күмөндөнгөндөр жетиштүү. Көпчүлүк «кош стандарттуулук булардын канында, бирде болбосо, бирде напсисин тыя албай калып ит болушат» дешип, ишеним арта алышпай, шексингендер байкашып, унчукпай турушат.

-- Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева баш, калган судьялары төш болушуп, УКМК тарабынан кылмыш иштерине кабылышкан. Кызыгы, алар камалышпай эле ар кандай шылтоолор менен тергөөгө баш ийбей жатышканы эмнени билдирет? Же “маски-шоу” уланып атабы?..

-- Жогорку соттордун судьяларынын байлыктарын аралаштыра санап, биринин кымбат өтүгүн бирине кийгизип келип аягында соккунун баары ошолордун ичинен бирөөнө – Гүлбара Калиевага гана багышталышы да кызык болду. Эки сүйлөбөгөн укук коргоочулардын бул окуяны эски иштер үчүн өч алуу катары сыпатташы – Ташиевге карата шектенүүлөрдү гана күчөттү. Ансыз да Акүйдүн айтканын «кыңк» дебей аткарып келген сот бийлигинин жүрөгүнүн үшүн алып, чекисттердин таманынын астына салып, толук көз карандылыкка жеткирип, мыйзамсыз беспределге багыт алуу катары баалагандар да жок эмес.

Акыры кандай расклад болсо да крайний болуп чыгарына көздөрү жеткен соттордун мыйзам чегинде гана коргонуудан башка аргасы калбады көрүнөт. Ошондуктан жогоруда силер айткандай, ыраатсыздыктар орун алып, бул жагынан кармаса тиги жагынан бошотулуп жатат. Жаңы бийликтин келиши менен заман кескин өзгөрөрүнөн чочуган соттор да «не бар, не жок» дешип, акчага иштей баштаганы да түшүнүксүз өкүмдөрдүн чыгышына себепчи болуп жаткандай. Айтор, бардак болуп баратканын байкабай коюу мүмкүн эмес.

Эми инаугурация өтүп, жаңы шайланган президент кызматына киришип, мындай өзүм билемдиктерди токтотуп, мыйзамдуу жолго салышы керек. Сала албаса, анда баарыбызга хана...

-- Убактылуу өкмөт 2010-жылы бийликке келгенде да кылмыштуулукка каршы күрөштү башташкан эле...

    -- 2010-жылдан кийинки уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө криминалдардын баары өлкөдөн чыга качышып, Дубай, Эмираттарды байырлаганын билебиз. А азыр кууп, камап атса деле эмнеге качышпайт? Акча менен кутулуп кетсе болоруна ишенишет. «Бул кармаш чындап күрөш эмес, «саанчы күрөш» деп коркпой-үркпөй жүрүшөт. Экинчиден, «каралар» менен түбөлүктүү күрөшчүлөрдүн катарына, «кызылдарга» Камчыны кошо албайсың го? Ошону билген “черныйлар” «ой, койчу ай, Камчы деле бизге окшогон чала рекет, тентек неме эмес беле, анын эмнесинен коркобуз?» дешип, тоготпой жатышкандай...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер