Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эсенгул Исаков: “Атаандаш талапкерлер Садыр Жапаровду каралай башташты”

Эсенгул Исаков: “Атаандаш талапкерлер Садыр Жапаровду каралай башташты”

28-декабрь, 13:00
1 880 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эсенгул агай, президенттикке 18 талапкер дымагынын күчтүүлүгүнөн ат салышып жатабы же талапкерлерге болгон эреженин жумшактыгынан көп киши чыктыбы?

-- 2020-жылкы президенттик шайлоого эбегейсиз көп талапкердин ат салышканынын бир канча себеби бар деп ойлойм. Биринчиси, көп талапкердин чыгышына мүмкүнчүлүк берген шайлоо кодексинин кемчилигинен деп айтаар элем. Тагыраагы, шайлоо кодексинде талапкерликке катуу критерийлердин (талаптар) коюлбагандыгынан татыктуусу да, татыксызы да шайлоого аттанган жагдай орун алды. Негизи мамлекетти башкарууга жана Башмыйзамыбыздын гаранты боло турган адамга катуу талаптар коюлушу абзел!

Экинчиси, президент болот элем деген талапкерлердин көпчүлүгүнүн жеке амбициясы күчтүү жана ушул кадамым менен элге көрүнүп калайын дегендер.

Үчүнчүсү, артында калбыры бар таза эместер кандидаттык күбөлүк алып, лидер талапкер менен соодалашууну максат кылгандар. Ошондой эле соодасы жүрбөй калса, президенттикке лидер болгон, эл колдоп жаткан талапкерди ар тараптан каралоо үчүн шайлоого аттангандар да бар. Мына ушундай жагдайлардан улам президенттик кызматка 18 талапкер ат салышты.

-- Садыр Жапаров менен жолугушууга элдин көп келип жатканы ал элдин акыркы үмүтү экенин айгинелейби же талапкерлердин ичинен элге жакыны болуп жатабы?

-- “Эл үмүтү өчпөйт” дегендей, канча талапкер чыкса да, элдин көпчүлүгү Садыр Жапаровду колдоодо. Себеби, анын жөнөкөйлүгү, элге жакындыгы баардык жакта “жоопкерчиликти өз мойнума алам” деп убада берип жатканы элдин ишенимин арттырууда. Ошондой эле бийликке нечен жыл чындыкты айтып, мыйзамдуулукту талап калганы үчүн “өз башынан душманга да каалабаган жамандыкты, адилетсиздикти өткөздү, өз кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын жогору койгон президент болот” деген ойдо ишеним көрсөтүшүүдө. Ошон үчүн үгүт мезгилинде Садырды көргөнгө, каалоо жана арыз-муңун айтканга эл миңдеп чогулууда.

-- Эмне үчүн эл чын дилден колдогон Садыр Жапаров кара пиарга кабылды? 

-- Садыр менен жолугушууга келген элди көрүп, аттуу-баштуу талапкерлер кир, ыплас акчаларын чачып, Садырды каралоону баштады. Себеби, өздөрү алдын ала утулганын сезишүүдө. Ошондон улам аткаруу бийлик жагына да кара пиарды пайдаланууга аракет кылып, “Кубанычбек Жумалиевдин ишин кыскартам” деп пара алган мошенникти “Садыр Жапаровдун кишиси” деген маалымат таркатып, жармаштырып жатышат. 

-- Айрым талапкерлер “мени шайласаңар Кытайга болгон карыздан кутултам, алтургай үч жылда ишимден жыйынтык чыгара албасам камап салгыла” деген пикирлерин айтышууда. Буларга ишеним артсак болобу?

-- “Элдин турмушун оңдойм, баардык карыздан кутултам, Кыргызстанды гүлдөтөм” деген кандидаттардын бири да саясатта да, бийликте да жүрүп ийгилик жаратпагандар. Ошондой эле өзүнүн турмушун эптей албагандар, элдин ишеничине арзыбагандар. Алар элге куру убада берип, “өтөм” деп өздөрүн сооротуп жатышат. Чынында алардын суу кечпеген убадалары үчүн эл добушун деле бербейт.

-- Референдум менен президенттик шайлоонун бир күндө болгону туура эле болдубу?

-- Албетте, туура эле болду. Бу сапар Жогорку Кеңеш да референдум боюнча сунушту колдоп, жакшы иш кылды. Биринчиден, президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө болгонунан бюджет эбегейсиз үнөмдөлөт. Экинчиден, “экөө бир күндө болуп жатат” деп сындабай деле койсок болот. Себеби, бул референдумда Башмыйзамдын долбоору эмес, башкаруунун кайсы түрүн тандайсың (?) деген суроо коюлуп жатат. Ошондуктан, элге ушул айырманы туура түшүндүрүш керек. Референдумга коюлуп жаткан суроолор Садыр Жапаровдун эң туура жана актуалдуу сунушу болду. 

-- Садыр Жапаров шайлоодон жеңип чыккандан кийин ага чоң мүмкүнчүлүк берилеби же жоопкерчилик жүктөлөбү?

-- Жаңы Башмыйзамдын долбоорунда “президент – мамлекеттин башчысы жана аткаруу бийлигин башкарат” деп жазылууда. Ошондой эле жоопкерчилиги да өтө чоң экендиги баса белгиленүүдө. Тагыраагы, Башмыйзамдын долбоорунда “мамлекет башчысы жалпы аткаруу бийлигинин баардык ишмердүүлүгүнө жеке жоопкерчиликтүү” деп жазылган. Анан да курултай институтун киргизишүүдө. Курултайга чогулган делегаттар элдин атынан бир жылда бир жолудан кем эмес президенттин, аткаруу бийлигинин, Жогорку Кеңештин отчётторун угуп турат. Бу жолу элдин көзөмөлү күчөдү деп түшүнсөк болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер