Акыркы кабарлар
» Саясат » Бири-бирин алдашкан Б.Жээнбеков менен Ө.Бабанов кылмыш жоопкерчилигине жакындашты
Бири-бирин алдашкан Б.Жээнбеков менен Ө.Бабанов кылмыш жоопкерчилигине жакындашты
04-май, 12:00
2 508 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Фрунзе” гипермаркетинин ээси катары айтылган Болотмамбет Жээнбековдун афёралык жүзүн Өмүрбек Бабанов ачыктап, коомчулук астында жайып берди. Ошентип, экөөнүн кайым айтышуусу күчөдү. Элибизге баары бир экен. “Керкисинде да, кемтигинде да бар” дегендей, бири-бирин көз жазгыра алдашкандары байкалды. Буларды күч органдары дыкат текшерип, кылмыш иши аркылуу жазалашы керек. Жээнбеков менен Бабанов жүздөрүн ачышты. Эки тарапта тең кыңыр иштери бар экени байкалды. Демек, жоопкерчликке тартылышсын, мыйзамсыздык курчуп атпайбы... Мындай шартта “кустуруу” операциясы ийгиликтүү ишке ашарына шегибиз жок.
"Азия Ньюс" гезити