Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Барчакеев менен Исаков, “Дөө Чыңгыз”... Исаевдин камалышы, Абдыкаровдун генерал алганы

Барчакеев менен Исаков, “Дөө Чыңгыз”... Исаевдин камалышы, Абдыкаровдун генерал алганы

13-февраль, 19:30
4 610 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Камчыбек Көлбаевдин оң колу саналып келген Улан Барчакеев Москвада жашап жатканы менен көп балээден алыс калыптыр. Ал кадимки Сапар Исаковдун жакын досу катары калкаланып, келечекке карай жол тапканыбы? Экөөнүн мамилеси ысык экенин күч органдарындагы булактарыбыз айтышууда.

Эске салсак, “Узун Улан” каймана атындагы Барчакеев менен “Дөө Чыңгыздын” телефондогу сүйлөшүүсү 2017-жылы жарыяланып, шайлоонун “шайтан оюндарына” айланган. Саясый шоунун аркасынан Канатбек Исаевге “капкан” даярдалып, камакка алынган эле. Жашыруун видеого тартылып, “төңкөрүшкө акча таратып атат” деген таризде чагымчылык жасалганы эсибизде. Мындай “подставаны” ИИМдин андагы орун басары Данияр Абдыкаров уюшкан кылмыштуу топтор аркылуу ишке ашырганбы? “Дөө Чыңгыз” ошондо негизги ролду ойногонбу? Андагы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов фаворитке айланып, негизги жандоочусу Канатбек Исаев Сары Өзөндү буруп бергенде, бийлик чычалап кетип, сентябрдын соңку күндөрү камакка алган. 

Ошентип, агездеги ИИМ менен УКТ бергиликте иштешип, жыйынтыгында Канатбек Исаев ак жеринен садага чабылганы тастыкталганбы? “Дөө Чыңгызды” пайдаланышып, эптеп Сокени ажолук такка жеткирүүгө жан үрөшкөнүн кайда жашырабыз? “Кызылдар” менен “караларды” болушунча иштетип жатып, Бабановду шайлоодон жыгышканын билесиңерби?..

Натыйжада, ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров генерал-майор чин-даражасын алганы бекер жерден эмеспи? Канатбек Исаевди камакка алуу, шайлоону Сокеге “жасап берүү” ийгилиги жылмайып, чоң жылдызга ушундайча жеткиргенби? Ток этерине келсек, 2017-жылдын соңу – Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин акыркы айларындагы күндөрү ушундайча эске түшөт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер