Мамлекеттик кызматтардан олигархка айланган Таалайбек Сарыбашев “кусабы”?

Билими, тажрыйбасы, деңгээли төмөн экенине карабай Таалайбек Сарыбашев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткара калып, он күндө кулап түштү. Калемгер Асланбек Сартбаев “эки ооз сөзү” менен ээрден оодарып койгонун шаар, айылдардан бери айтышууда. Акыйкатты тарых таразалап, убагы келгенде дагы баа берилет... Таңгалычтуусу, Таалайбек Сарыбашев парламенттик шайлоого катышарын жарыялап, сыр билгизбей жылмайып кеткени кандай? Жасалма диплому, кош жарандуулугу талкууга алынып келатса да, жооп бербей кутулуп кетеби? Башка былыктарынан сырткары, Оштогу, Алайдагы хансарайлары, Бишкектеги үйлөрү, дээрлик байлыктары текшерилбейби? Болот Темиров, Ыдырыс Исаков ж.б. журналисттер дал ушул өңүттөгү былыктарын ачыктап келатышса да, эмнегедир тергөө органдары унчукпайт? Таалайбек Сарыбашов он жылдан бери аким, губернатор, мэр сыяктуу жогорку кызматтарда “эт менен челдин” ортосунда иштеп келди. Кантип олигархка айланды? Кызмат абалын кыянаттыкта пайдаланганбы? Албетте, олуттуу суроолор! Бул эргулдун бүгүн болбосо эртең тагдыры жарга асылары, мамлекеттин казынасына уурдаган миллиондорун төгүп берери ыраспы?!
"Азия Ньюс" гезити