Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдиктин» Бишкек шаардык уюмунун жаштар канаты түзүлдү

«Биримдиктин» Бишкек шаардык уюмунун жаштар канаты түзүлдү

12-сентябрь, 11:47
1 429 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» дагы бир ирет евразиялык интеграциянын борборунда демократиялык эркиндиктери менен адилеттүү мамлекетти курууга багытталган идеологиянын, стратегиялык программанын тегерегинде бириккен мекенчилдердин партиясы экендигин   далилдѳѳдѳ. 

Бул окуя анын далили. 

Аз күн мурда жаш активисттер жаштар канатын түзүү сунушу менен Марат Аманкуловго кайрылышкан. «Биримдик» партиясынын тѳрагасы демилгени колдоого алды. Анын жыйынтыгы менен конференция болуп, расмий түрдѳ «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын Бишкек шаардык уюмунун жаштар канатын түзүү процедурасы ѳттү. 

Марат Аманкулов анда сѳз сүйлѳп, жаш активисттерге кайрылды:

«Бүгүнкү болуп жаткан окуя аябай символикалуу. Мындан бир жыл мурда, 2019-жылдын 10-сентябрында съезд ѳтүп, анда жаңы тѳрага шайланып, «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы жаңыланып, ѳз ишин баштаган».

Башында аз эле болчубуз. Бирок акырындап командабыздын катары кѳбѳйѳ баштады. Биздин идеологияны колдогондор келе баштады. Аларга жумуш менен идеологияны сунуштап жаттык. 

Бүгүн караңыздарчы, зал жаштарга толгон. Буга мен абдан кубанып жатам. Процесстер эволюциялык, табигый жол менен жүрүп, демилгелер баштапкы ячейкадан чыкса, бул эң жакшы, анткени, туруктуу мүнѳзгѳ ээ болот. Бишкектеги партиянын жаштар уюму күчтүү болоруна ишенем, силер биздин авангардыбыз болосуңар. 

Силердин бизге алгачкы жолу келгениңер эсимде, андан бери семинарлар ѳтүп, кылынган иштерден кийин ѳзгѳрүлдүңѳр. Биздин идеябыз жаркын келечекке багытталган, силер аны сезесиңер, түшүнүп, ишенесиңер. Биздин идеяны шайлоочулар менен бѳлүшѳ баштасаңар, ѳзүңѳрдѳ эле эмес, биздин айланабызда да ѳзгѳрүүлѳр боло баштаганын кѳрѳсүңѳр. Бул эң сонун! 

Сиздерге чоң рахмат! Баарына ыраазычылык билдирем, ѳзүңѳр уюштурган конференция үчүн да рахмат. Дисциплина, тартип, келечекке ишеним, досуңа болгон ишеним, идеяга болгон ишеним, элибизге болгон ишеним, бул нерселер бизди жеңилбес кылат!». 

Конференциянын катышуучулары жаштар канатынын тѳрагасы кылып Амантур Манапбаевди шайлашты. Ислам Султанбеков менен Дмитрий Лю «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын Бишкек шаардык уюмунун кеңешинин мүчѳлѳрү болуп шайланышты. 

Партиянын мүчѳсү, депутаттыкка талапкер Ырысбек Тойбаев жаңы уюмга кайрылып, сѳз сүйлѳдү:

«Биз идеологияга таянган жалгыз партиябыз. Биздин так идеябыз, анык программалык максаттарыбыз бар. Биз евразиялык тандоо тууралуу айтып жатабыз. Албетте, бул жѳнүндѳ узакка кѳп нерсени айтса болот. Бирок башкысы, бул биздин аталарыбыз кылган тандоо. Биз евразиялыктарбыз. 

Демократиялык социализм тууралуу сѳз кылганда, бир нерсени унутпайлы, элдердин биримдиги, биргелешип аракет кылуу менен прогресске жетишип, ѳлкѳбүздү ѳнүктүрѳ алабыз. 

Биздин атаандаштар колубуздан эч нерсе келбей турганын айтышып, катуу жаңылышат. Анткени, биз күчпүз, бир биримдиктүүбүз, жеңиш бизде болот!».

Партиянын улуу муундагы мүчѳлѳрүнѳ жана жаштар канатындагы соратниктерине кайрылган Амантур Манапбаев, «Биримдик» партиясынын мүчѳлѳрү тандап алышкан демократиялык социализм жана евразиялык тандоо багыты элибиздин жакшы жашоого болгон умтулуусуна толугу менен жооп берерин айтты. 

«Кыска убакыттын ичинде идеологиялык ишенимдери терең жаштардан турган команданы түзүүгѳ жетише алдык», - деп кошумчалады ал. 

Жашта канатынын мүчѳсү Тариель Болотбеков Бишкекте партиянын жаштар канатын уюштуруу мындай деңгээлде ѳтпѳгѳнүн билдирди. 

«Коюлган милдеттерге жетишүүдѳ жаштар негизги рычаг боло алат. Ал эми ѳнүгүүнүн евразиялык жолун тандообуз менен биргелишип күн кечирүү жана динамикалуу ѳнүгүү жаатында кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳргѳ үлгү болобуз». 

Жаштар канаты партиянын программасын ишке ашыруу жаатында чоң пландарды коюуда. Атап айтканда, шаардыктар, мамлекеттик органдар менен байланыштарды түзүү, калктын социалдык-аярлуу катмарынын кѳйгѳйлѳрүн чечүү, ѳздѳрүнүн программасын даярдап, аны жүзѳгѳ ашыруу. 

Жаш “биримдикчилердин” демократиялык социализм жана евразиялык интеграция идеясын алып жүрүүчүлѳр катары аны ѳлкѳнүн баардык булуң бурчундагы кыргызстандыктарга жеткирүүсү ѳтѳ маанилүү. Жаштар канатынын мүчѳлѳрүнүн айтымдарында, алар жарандардан кѳптѳгѳн пикирлерди алышууда. 

Кыргызстандын жарандары үчүн социалдык адилеттүүлүк, башка ѳлкѳлѳр жана Евразия аймагындагы элдер менен тыгыз кызматташуу идеясы чоочун эмес. 

Мунун баардыгы «Биримдик – Единство» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын ролун гана күчѳтѳт!

Анткени, «Биримдик» - биримдиктин партиясы!

Биз Кыргызстанды ийгиликтүү, прогресивдүү, адилеттүү демократиялык мамлекетке айландырууда биргебиз! 

БИЗ АНЫ ИШКЕ АШЫРАБЫЗ! 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер