Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакырлануу көбөйүп, эл ичи чыңалууга баратабы?

Жакырлануу көбөйүп, эл ичи чыңалууга баратабы?

07-август, 18:45
959 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Күн өткөн сайын карапайым калк ичинде жакырлануу күчөп барат. Бул көйгөйдү кантип алдын алсак болот? “Той болду, тойдун эртеси да болду” демекчи, эл парламенттик шайлоого убактылуу алаксып, андан кийин саясый-социалдык кырдаал курчуп кетпейби?” деген суроо менен кыргыз элине таанымал адамдарга кайрылып көрдүк.

Айнура Аскарова, ЖК депутаты:

-- 30 жылдык чириген системаны оңдойлу деп келдик. Пандемияда көрдүк го система тамырына чейин чиригенин. Элдин нааразычылыгы жүйөлүү. Мамлекеттик башкарууга кесипкөйлөр, тажрыйбасы барлар, эң башкысы, кечээкиси таза адамдар келиши керек. Тиги партия, бу партия, жээк-жаат, тааныш-тамыр дегенди токтотуу кажет. Тилекке каршы, бул биздин түбүбүзгө жетмей болду. Ар ким өз ишин кылса. Тээ “чокусунан” баштап бир силкинсек болбойт. Антпесе, мамлекетти жоготуу коркунучу бар.

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:

-- Азыркы абалды ооруканадагы реанимация бөлүмүнө салыштырам. Баары жандандыруу бөлүмүндө, акыбал оор “жан үзүлөт-үзүлбөйт, жашап кетет-кетпейт...” дегендей. Бизге азыр "караңгыда көз тапкан, карайлаганда сөз тапкан", жүрөгү эл үчүн соккон чыныгы каарман адамдар өтө зарыл болуп турат. Күздө өтө турган парламенттик шайлоо таза өтпөсө, ансыз да араң турган эл каршылык акцияларына чыгып, революциялык кырдаал түзүлүп кетиши ыктымал. Анын азыр кыргыз элине кереги барбы?..

Эркингүл Иманкожоева, коомдук ишмер:

-- Ооба, барган сайын жөнөкөй элдин арасында жакырлануу көбөйүп жатат, аны эч ким тана албайт. Бирок, ошол эле кезде жакшы жашоого умутулгандар да жок эмес. Элди коронавирус да мүңкүрөтүп, жакырчылыктын өйдөлөшүнө өбөлгө түзүп койду. Алдыда парламенттик шайлоо келе жатат, элдин таза шайлоо болушуна колкабыш кылуу шансы өтө чоң. Анүчүн коррупциялык иштерге барган саясатчыны кайсы бир партияда бара турганын билсе, ачык каршылыгын билдирүү шарт. Кантип? Ошол партияны шайлабашы керек! Биздин эл “тууганым, жердешим” ж.б стереотиптерден арылып, тазалануусу кажет. Ошондо гана алдыга умутулуу болот. “Тойдун эртеси” каалайбызбы-каалабайбызбы сөзсүз болот. “Эми кантебиз?” деп ошондо өкүнбөй, күчтүү, билимдүү, эл үчүн кызмат кылган инсандарды тандоо керек. Кыргызстанды туңгуюктан чыгарса болот, анүчүн бюджеттен кете турган ар бир тыйынды үнөмдөп, элге жумуш бере турган ишканаларды ачып, туризмди өнүктүрүп, экологиялык таза азыктар менен чет мамлекетке экспортошубуз керек! 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер