Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев абакта жатып “Бүтүн Кыргызстанды” кантип колдоду?

Атамбаев абакта жатып “Бүтүн Кыргызстанды” кантип колдоду?

05-сентябрь, 16:50
1 592 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясатта достук жок, бирок кызыкчылык болору шексиз. Бүгүнкү күндө камактагы Алмазбек Атамбаев коомдук турмуштан четте эмес, адвокаттары, жакындары аркылуу баарлашып, келечекке карай багыттарын билдирүүдө.

4-сентябрда Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева “Бүтүн Кыргызстан” партиясына тилектештигин билдирип, “Максимум” имаратынын астындагы нааразычылык акциясына катышкан. Албетте, бул көрүнүш бир чети күтүүсүз болсо, экинчи жагынан радикалдуу оппозициянын биригүүгө болгон кадамы катары бааланат. Кундуз айым саясый талаада тазалоо жүрүп жатканын, БШК адилетсиздикте партияны шайлоодон четтеткенин билдирген эле. Ошентип, бийликке каршы күчтөрдүн каршылыгы байкалган...

Ал эми Сеид Атамбаев “Бүтүн Кыргызстан” партиясын колдоп, төмөндөгүдөй кат жолдоду. Саясатта тажрыйбасыз Сеиддин мындай билдирүүнү чукул арада жаза коеру күмөн жаратат. Ал ансыз деле “Социал-демократтардын” жүгүн көтөрө албай чайналып келет...

Демек, Атамбаев камактан тапшырма берип, Мадумаровду колдоо үчүн ишарат кылган. Бул талашсыз чындык. Ошон үчүн Кундуз бир жагынан, экинчи тарабынан Сеид билдирүү жасап, “Бүтүн Кыргызстанды” сүрөп чыгышты. Ымалага алдыртан келишүү бийлик үчүн кооптуу экенин эскертип коелу...


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер