Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Итмурун кандай дарттарга пайдалуу?

Итмурун кандай дарттарга пайдалуу?

19-сентябрь, 17:59
3 545 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аңкыган гүлү менен жаратылышка көрк берип, мөмөсү адамдардын организмин чыңаган итмурун өсүмдүгүнө көп деле маани бербейбиз. Көптөгөн ооруларга дарылыгы бар өсүмдүктү “табигый дармек” деп да атап койсок болчудай.

Итмурундун курамында: 14-60 грамм суу, 1,6-4 грамм белок, калий, кальций, магний бар. Ошондой эле B1, B2, PP, K, E жана C витаминдерин кездештирүүгө болот. Аталган жемиштин курамында C витамини карагаттыкынан 5-10 эсе, лимондукунан 40 эсе көбүрөөк.

Анын дарылык касиети: кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Итмурундун мөмөсү аз кандуулук, боор жана бөйрөк ооруларына дары катары сунушталып келет. Ал заара чыгаруучу, дене табын түшүрүүчү, баш ооруну жазуучу жана табитти ачуучу касиетке ээ болгондуктан, медицинада да кеңири колдонулат.

Итмурунду таза жууп, кайнак сууга демдеп коюп иче бересиз. Жаш балдарга берүүдө кандайдыр бир чектөө киргизгениңиз оң... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер