Атамбаевдин кудасы Улан Султановдун “мурдун балта кеспейт”...

Өткөндө Жалал-Абад облусунан эки “кызыл шапкечен” сойкулук жайларды көзөмөлдөп, УКМК тарабынан кылтакка илингени ачыкталган. Булар ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгына түз баш ийген кызматкерлер. Жетекчиси Улан Султанов. Айрымдар Жалал-Абад ОИИБге жармаштырып келишсе, биз мыйзамдуулук жагынан чечмелеп, кайсы структурага карай турганын ажыратып коёлу. Аталган облустун башкы милициясы Жеңиш Абитовдун карамагында эмес, ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшү башкармалыгына тикелей карайт. Андыктан, кимдин “былыгы” экенин туура талдайлы. Реалдуулуктан алганда, Улан Султановдун кызматкерлери болуп аткандан кийин, бул эргулду жогорку жетекчилик кызматтан ала албаса да, жок дегенде сөгүш берип койбойбу? Атасы Алымбайдын аркасы, кудасы Атамбаевдин таасири менен карьера жасап келген эрке бала бүгүн дагы эч кимди тоготпойбу? “Мурдун балта кеспесе” ушул экен да...
"Азия Ньюс" гезити