Акыркы кабарлар
» Саясат » Олигарх Икрамдын аркасы менен Замирбек Осмонов шайлоого аттандыбы?
Олигарх Икрамдын аркасы менен Замирбек Осмонов шайлоого аттандыбы?
16-август, 21:46

“Эл дүрбөсө эшек кошо мөңкүйт” болуп, мурдагы салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов да парламенттик шайлоого аттанып, өзүнчө эрдемсип турган чагы. Бул эргулду териштире келсек, түрмөдөн жеңил бошоп чыккан, айтылуу шоопур Икрам Илмиянов менен таяке-жээн экен. Экөө тең Лейлектен болот. Баткенди басып жыгылчудай болгон Замирбек Осмоновдун кыйраткан электораты деле жок, болгону ал олигарх Икрам Илмияновго таянып, куу чиренге салганыбы? Салыктан жыйнаган акчасын эми чачабы? Айланып келип эле баягы коррупцияга шектүү шылуундар элдин башына чай кайнатышып, билгенин кыла беришеби? Буларга да баа бере турган кез жакындап калды. Шашпай тургула!
Aryba.kg