Акыркы кабарлар
» Саясат » Эмне үчүн УКМК кызматкерлерин бир да орган камай албайт?
Эмне үчүн УКМК кызматкерлерин бир да орган камай албайт?
11-октябрь, 09:00


Убакыттын удулуна жараша УКМК тарабынан сот, прокуратура, милиция кызматкерлери байма-бай кармалып, жазаланып келет. А салык, бажы, транспорт, ж.б. мамлекеттик мекемеде иштегендерди айтпай эле коёлу. Алар “чилдей” эле терилет да. Негизги күчкө ээ сот, прокурор жана милицияны мышыктай эле “мыёлото” камап атышса, мугалим менен врачтар кеп бекен? Эң кызыгы, УКМКнын кызматкерлерин бир да орган камай албайт, атургай тик бага сүйлөй да алышпайт. Бул турмуш чындыгы. Көрсө, Камчыбек Ташиев айбаттуу мүнөзүнө салып, өзү жетектеген системаны күчтөнтүп, мыйзамдуулук жагынан да айкалыштырып, өлкөдөгү №1 таасирдүү органга айландырып салыптыр. Баракелде!
"Азия Ньюс" гезити











