Акыркы кабарлар
» Саясат » Министр Текебаевден жардамчылары кача баштады. Соорбеков кетти, кезек Абдыбековдобу?
Министр Текебаевден жардамчылары кача баштады. Соорбеков кетти, кезек Абдыбековдобу?
28-август, 19:30


Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин жардамчысы Мурат Соорбеков кол шилтеп, шефи Өмүрбек Бабановго кетип калганы кабарланды. Туура эле кылыптыр. Арзыбаган майда иштерди министр видеого, сүрөткө тарттырып, жеңил пиар жасатканы жетер жерине жетсе керек. Акыл-эстүү адам алгылыктуу эмгек жасап, өтөсүнө чыккандан кийин отчёт берет эмеспи. Тилекке каршы, Текебаевдин мактанган жүрүшү чектен чыгып, коомчулуктан кыйла тил уккандан кийин жели чыккандай болду. Татыксыз жетекчинин образы, сүлдөрү тартылды. Оргу-баргы жүрүшү менен ооматы да кетип калды окшойт. Пиар кылса эле иши алдыга жүрүп кетеби? Кайран гана кор болгон кызмат!
А баса, соңку убакта министрди “көкөлөткөн” Данияр Абдыбековдун аракеттери байкалат. Илең-салаң болсо да. Күлкүлүү ирмем: Текебаев дагы кичине “тойгуза” түшсө, мунусу да басып кетери калетсиз. Соорбеков “кокуй иштен” кутулганына сүйүнүп атса, Абдыбеков да акылына келип, сазга баткан жайдан аттап өткөндөй кадам таштайбы?.."Азия Ньюс" гезити











